Банктын тарыхы

  • Банк Small Business Banking Network мүчөсү болду
  • Банк SWIFT тармагынын катышуучусу болду
  • «Бай-Түшүм» Банкы Өнүгүүнүн Германиялык Банкы (KfW) жана КРнын финансы Министрлиги менен биргеликте «Жаркын жашоо» жаңы турак жай продуктусун ишке ашырды
  • Банк Интернет-банкинг тейлөөсүн ишке ашырды
  • Банк «Leader» эл аралык акча которуулар тармагын ишке ашырды
  • Банк «Золотая корона» акча которуулар тармагын ишке ашырды
  • Банк Contact төлөм тармагына кошулду
  • Банк Migom акча которуулар тармагын ишке ашырды
  • Банк UNIstream акча которуулар тармагын ишке ашырды
  • Банк Western Union акча которуулар тармагын ишке ашырды
  • Банк «Автомаш-Радиатор» ЖЧКсы менен биргеликте лизинг боюнча жаңы программаны ишке берди
  • Банк чакан жана орто бизнеске көрсөтүлүп жаткан тейлөөлөрдү жакшыртуу боюнча масштабдуу долбоорду ишке берди
  • Банк Интернет-банкинг тармагы аркылуу тез төлөм кызматын ишке берди
  • Банк борбор калаабыздагы Чүй проспектиси 104 дареги боюнча (Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде) жайгашкан бизнес-борбордо жаңы кеңсесин (офис) ачты
  • «Бай-Түшүм» Банктык тобу эл аралык өнүгүү (USAID) жана ACDI/VOCA АКШ агенттиги менен биргеликте “Чакан жана орто бизнесте аялдар лидерлиги” үч жылдык программасын ишке берди
  • «Бай-Түшүм» Банкы жана Кыргыз-Жапон Адамдык өнүгүү Борбору Кызматташуу жөнүндөгү Меморандумга кол коюшту
  • Банк ACDI/VOCA агенттигинин 50 жылдык мааракесинин урматына арналган майрамга катышты
  • «Бай-Түшүм» Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды.
  • «Бай-Түшүм» Банкы» ЖЧК, КРдин депозиттерин коргоо боюнча Агенттигинин №17-буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын депозиттерин коргоо системасынын катышуучу-банктарынын Реестрине №23/12 номери менен киргизилген.
  • Чакан жана орто ишканаларды каржылоого карата «Бай-Түшүм» Банкы ЕБРРден жалпы 4 млн. АКШ доллар суммасында насыя алды;
  • Банк, жеке, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн эсептешүү-кассалык тейлөө кызматтарын, ошондой эле эсеп ачпастан, жаңы «Ылдам» акча которуулар системасын ишке киргизди.
  • «Бай-Түшүм» Фонд менен бирге аялдар жана жаштар үчүн старттык бизнеске карата жаңы жеңилдетилген насыялык продуктту ишке киргизди.
  • КИВА Фондунун колдоосунда Банк Кыргызстандын аймактарындагы 900дөн ашык ишкер-аялдардын долбоорлорун жалпы суммасы 68,7 млн. сомго каржылады.
  • 2012-жылы Банк, өлкөнүн аймактарынын экономикалык потенциалын жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган, 2 млн. сомдон ашык каражатка социалдык долбоорлорду ишке ашырды.
  • «Бай-Түшүм» Бишкек лизинг форумунун расмий демөөрчүсү болуп чыкты. Форумдун максаты, Кыргызстанда күндөлүк абалды жана рынокту өнүктүрүүнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле лизингдин андан аркы келечектерин талкуулоо үчүн бирдиктүү аянт түзүү болду.
  • Банк, «Ачыктык» жана «Кардарлардын даттануулары жана сунуштары менен иштер» механизмдерин иштетүү тармагында «Кардарларды коргоо принциптерин» ишке киргизүүдө мыкты тажрыйбасы үчүн сыйланды. Сыйлык «Кардарларды коргоо принциптерин» ишке киргизүү боюнча демилгенин чегинде Микрофинансылоо Борбору (MFC) жана Smart Campaign тарабынан демилгеленип берилген.
  • Өлкөнүн калкынын финансылык билимин жогорулатуу боюнча иштердин чегинде «Бай-Түшүм» 1000ден ашык адамды камтуу менен топтук тренингдерди өткөрдү.
  • КИВА фонду тарабынан 2011-жылдын декабрь айында Компаниянын ишмердүүлүгүнө  жүргүзгөн толук аудиттин жыйынтыгы менен  «Бай – Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы Социалдык жоопкерчилик тармагында  (Social Performance Strengths): «Жакырдык менен күрөшүү», «Үй-бүлөдө жана коомдо мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү», «Ишкердүүлүктү  колдоо» жана«Инновация» деген төрт аталышта артыкчылык белгилерине ээ болушкан.
  • 2011-жылдын 1-ноябрында «Бай – Түшүм жана Партнерлор»  Компаниясы Кива долбоорунун  Активдүү баскычына өттү жана социалдык-багытталган жана Компаниянын ушул нукта жигердүү өнүккөн статусун бекемдөө менен Фонддун толук укуктуу өнөктөшү болду.
  • 2011-жылдын август айында институционалдык потенциалды күчөтүү алкагында, ошондой эле кийинки өнүгүүгө колдоо көрсөтүү максатында  «Бай – Түшүм жана Партнерлор»  Компаниясы жаңы эл аралык инвесторлорду киргизүү аркылуу өзүнүн уставдык капиталын 615 млн. сомго чейин көбөйттү: Инвестициялык Жеке Фонду BlueOchard S.C.A. жана Credit Suisse ResponsAbility Social Investments AG Микрофинансылык  Фондду башкарган  Компания менен.
  • Кыргызстанда өзүнүн ишмердүүлүгүн 11 жылдан ашык ишке ашырып келген «Бай – Түшүм жана Партнерлор»  микрофинансылык компаниясы 2011-жылдын 15-июлунда  депозиттик линцензия алган биринчи микрофинансылык уюмдардан болду.
  • «Бай-Түшүм» МКА ФФу менен «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК  ЖАКы кирген «Бай-Түшүм»  банктык тобу, «Бай-Түшүм»  каржы тобу менен эл аралык кызматташуу боюнча Герман коому  (GiZ) тарабынан көтөрүлгөн жалпы суммасы 560 миң евродон  ашкан лизинг келишимдерин лизинг долбоорунун алкагында каржылады.
  • 2011-жылдын июлунда  Европанын Реконструкциялоо Банкынын жана «Бай – Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКнын ортосунда насыялык макулдашууга кол коюлду, ага ылайык, ЕБРР 270 млн. сом (АКШнын 6 млн. долларына жакын) өлчөмдө Компанияга насыя бөлүп берди.
  • «Бай – Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы, Кыргыз Республикасынын  Президенти Р.И. Отунбаеванын патронажынын алдында Кыргызстанда 7-июлда болуп өткөн, микрофинансылоо боюнча Борбордук Азиянын Саммитинин демөөрчүлөрүнүн бири катары чыкты.
  • Отчеттук жылда Компания, аймактык торун кеңейтүү боюнча активдүү иштерди жүргүздү, кошумча 10 өкүлчүлүк офистер ачылды. Ошентип, 2011-жылдын аягында филиалдык тору 7 филиалдардан жана 55 өкүлчүлүк офистеринен турду.
  • 2011-жылдын май айында айыл жерлеринин жашоочулары үчүн Компания жаңы «Айылкурулуш» насыялык продуктусун ишке киргизди, ал курулушту финансылоо, сатып алуу жана кайра оңдоо, ошондой эле турак жайды жана коммерциялык кыймылсыз мүлктү оңдоону каржылоо үчүн дайындалган. Бул продукт, чарбалык жайларды оңдоону жана кайра курууну каржылоону да карай тургандыгын белгилей кетүү керек.
  • 2011-жылдын 4-мартында  «Бай – Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы өзүнүн 10 жылдык юбилейин расмий түрдө белгиледи. 10 жылдын ичинде Компания орчундуу жыйынтыктарга жетишүүгө, ишенимдүү жана динамикалуу өсүштөгү уюм катары өзүн көрсөтүүгө, Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азияда да кардарлардын жана өнөктөштөрдүн арасында кынтыксыз кадыр-баркка ээ болууга жетишти.
  • Жалпы суммасы 1 403 миңден ашык сомго кайрымдуулук жана демөөрчүлүк жардам көрсөтүлдү.
  • Компания өзүнүн 10 жылдык юбилейин белгиледи, ал иштеген 10 жылдын ичинде 100 миңден ашык кардарлар 150 млн. USD жакын суммага насыяларды алышты.
  • Борбордук Азияда биринчилерен болуп  M-Cril эл аралык агенттигинен  «β+»  социалдык миссиясын иштетүү үчүн рейтингин алган.
  • NSEL компаниясы тарабынан иштелип чыккан, FinnOne жаңы программалык камсыздандыруусун ишке киргизүү боюнча долбоорун ишке киргизген.
  • «Кива» фонду менен бирге калктын алсыз катмарын жеңилдетилген каржылоо боюнча социалдык жакка багытталган программаны ишке киргизген.
  • Кыргызстандын түштүк аймагында жапа чеккендерге жеңилдетилген насыялар түрүндө жардам берүү, ошондой эле материалдык чыгымдарды тарткандарга жана бизнесин жоготкон жарандардын экономикалык жактан турмушун калыбына келтирүү боюнча көмөк көрсөтүү максатында, “Мол Булак Финанс” МКК жана  “Каликова&Ассошиэйтс” юридикалык фирмасы менен биргелешип, коммерциялык эмес «Калыбына келтирүү Фонду» түзүлгөн.
  • Эмгектик Эл аралык Уюму менен бирге «Кадырлуу эмгектенүү үчүн микрофинансылоо» долбоорунун чегинде 2 этаптагы изилдөө жүргүзүлгөн.
  • Аймактык торду кеңейтүү менен 9 жаңы өкүлдүк офистер ачылган.
  • Компаниянын логотибин жана фирмалык стилин толук алмаштырууну камтыган  ребрендинг жүргүзүлгөн.
  • Финансылык мекемелерге карата талап кылына турган, заманбап жабдыктар жана коопсуздуктун тийиштүү талаптарына жооп бере турган жабдыктар менен жабдылган, 900 метр.кв. ашык аянты менен Талас шаарында жаңы имараты ачылган.
  • Бишкек шаарында жалпы аянты 4000 м.кв. ашык, административдик имараты курулуп башталган. Курулуш-монтаждык иштердин өндүрүштүк мөөнөтү 18 айда «ачкычын тапшыруу менен толук бүткөрүү», курулушту бүткөрүү 2011-жылдын аягына белгиленген.
  • Кайрымдуулук жана спонсордук жардам жалпы 1,2 млн. сомдон ашык суммага көрсөтүлгөн.
  • Микрофинансылык компания болуп өзгөрүшү менен жана КРУБнын тийиштүү лицензиясын алган.
  • ASN Novib Fund Фондуна кирүү аркылуу акционерлердин курамын кеңейткен.
  • Социалдык таза ачыктык үчүн MIXтен Silver эл аралык сыйлыгын алган.
  • Социалдык рейтинг алуу үчүн Борбордук Азияда биринчилерден болуп Компаниянын иши бааланган.
  • Эмгектик Эл аралык Уюму менен бирге «Кадырлуу эмгек үчүн микрофинансылоонун» узак мөөнөттүү изилдөөчүлүк долбоору ишке киргизилген.
  • «Карлардарды коргоонун 6 принциби» CGAP Эл аралык кампаниясына кошулган.
  • Nucleus Software Export Limited жаңы автоматташтырылган банктык системасын ишке киргизүүгө карата макулдашууга кол коюган.
  • Компаниянын кошумча 9 офисин ачуу жолу менен аймактарды камтуулар кеңейтилген.
  • Компания стратегиялык спонсор болуп чыгып, «Ийгилик технологияларын колдонуу» боюнча аймактык эл аралык конференцияга демөөрчү болуп чыккан.
  • 2008-жылы Компаниянын бардык филиалдарында  скорингдик системаны ишке киргизүү башталган. Бул жаңылануу, потенциалдуу зайымчыларды натыйжалуу баалоого жана ага жараша, насыяларды берүү боюнча операциялык чыгашаларды орчундуу түрдө төмөндөтүүгө Компанияга жакшы мүмкүндүк берди.
  • Өзүнчө түзүмдүк бөлүмдөр катары, тийиштүү кызмат жана тобокелдик боюнча менеджер кызматтары ишке киргизилди.
  • Жалал-Абад филиалынын жаңы имаратынын презентациясы болду.
  • Өлкөнүн үч аймагында 3 жаңы филиалдары: Каракол, Нарын жана Баткен филиалдары катталды.
  • IFC техникалык колдоосу менен ипотекалык операцияларга талдоо жүргүзүлдү. Анын жыйынтыктары боюнча Компания ипотекалык микрокредиттерди берүү боюнча жол-жоболорду жетилте иштеп чыкты.
  • Эмгектик Эл аралык Уюму менен бирге «Кадырлуу эмгек үчүн микрофинансылоонун» социалдык изилдөөсүн ишке киргизди.
  • Microfinanza Рейтингдик Компаниясы тарабынан Компаниянын иш-аракеттери эл аралык баалоосунан өттү, анын жыйынтыктары боюнча Компанияга «ВВВ» рейтинги таандыкталды. Насыялык портфелдин жогорку сапатын сактап калуу менен орчундуу өсүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берген, башкаруунун жогорку профессионалдык деңгээлине, квалификациялуу персоналына, ички көзөмөлдүн натыйжалуу жол-жоболоруна эксперттер өздөрүнүн көңүлүн бурууга басым жасашкан.
  • 2008-жылдын 17-ноябрында, бир нече өлкөлөрдөн ар кандай потенциалдуу инвесторлорду чакыруу менен Компаниянын капиталына чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча инвестициялык стол уюштурулуп өткөрүлгөн.
  • Кыргызстандын алыскы аймактарынын жеке менчик тармактарын финансылоого жана 2006-жылы жактырылган АКШнын 1 млн. долларында толуктоо менен АКШнын 2,3 млн. доллары менен өзүнүн капиталына инвестициялоо үчүн АКШнын 4 млн. доллар өлчөмүндө насыя алуу тууралуу  IFC менен мандаттык катка кол коюлган.
  • 2007-жылы январь айында Айылды Финансылоо компонентин аткаруудагы өнөктөштүк боюнча  USAID CAMFA жана «Бай-Түшүм жана Партнерлор»  МКК ЖЧКнын долбоорунун ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимине кол коюлган. Келишимдин максаты, Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде айыл чарбасын финансылоо үчүн финансылык тейлөө кызматтарын кеңейтүүдөн турат.
  • 2007-жылы апрель айында уставдык капиталынын 150 000 000 сомго чейин көбөйгөндүгүнө байланыштуу Компанияны кайрадан каттоо жол-жобосу жүргүзүлгөн.
  • 2007-жылы май айында «Бай-Түшүм жана Партнерлор»  МКК Талас филиалы Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде  катталган.
  • 2007-жылы июнь айында «Бай-Түшүм» консультациялык кызматтарын камсыздоо тууралуу Дүйнөлүк Банк тобунун инвестициялык бөлүмү (IFC) менен макулдашууга кол коюлган. Бул макулдашуу Компаниянын коммерциялык банкка карата трансформациялоо процессин колдоого жана Кыргыз Республикасында кичи бизнестеги ишкерлер үчүн көрсөтүлө турган финансылык кызматтардын диапазонун кеңейтүүгө багытталган. Кол коюу аземине Швейцариядан Аткаруучу директор жана Дүйнөлүк Банктын IFC Директорлор Кеңешинин мүчөсү Майкл Мордазини келип катышкан.
  • Бул макулдашуу, өткөн жылы АКШнын 2 200 000 доллар өлчөмүндө финансылык пакетин «Бай Түшүм» Агенттигине IFC Берүү тууралуу макулдашууга кол коюдан кийинки этап болду. Жаңы макулдашуунун чегинде IFC трансформация процессине консультациялык колдоо көрсөтөт, ошондой эле «Бай Түшүмдө» лизингдик операцияларды, саясаттарды жана жол-жоболорду өнүктүрүү боюнча 2005-жылында башталган иштер да улантылат.
  • АКШнын 400 000 доллар наркы менен консультативдик долбоору өзүнө «Бай Түшүмдүн» кызматкерлерин  окутууну, тобокелдиктерди башкарууну, микродепозиттер, ички көзөмөлдөө жана аудит тейлөөлөрүн көрсөтүүнү камтыйт. Бул долбоор Нидерланддын тышкы иштер Министрлиги тарабынан колдоого алынган.
  • 2007-жылдын август айында ЕБРР менен 2005-жылы кол коюлган техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашуунун чегинде, «Бай Түшүмдүн» заемчуларын  скорингдик баалоо боюнча программаны ишке киргизүү үчүн компания аныкталган.  Скорингдик системанын толук ишке киргизилиши 2008-жылдын июль айында аяктаган.
  • 2007-жылдын сентябрь айында  «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрокредиттик Компаниясы, «Кыргызстанда микролизингди өнүктүрүү» долбоорунун чегинде Кыргызстандын айыл жерлеринде микролизингдик схемаларын пилоттоо үчүн  ПРООН (UNDP) тендерин утуп алган. Бул долбоор, Араб Өлкөлөрүнүн Персия Булуңу Программасынын (AGFUND) финансылык колдоосунда ПРООН тарабынан иштетилет.
  • 2007-жылдын октябрь айында  «Бай-Түшүм» МККга жана «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МККга Компаниянын лизингдик операцияларды жүргүзүү укугуна карата КРУБнын лицензиясы берилген.
  • 2006-жылы февраль айында уставдык капиталынын 130 млн. сомго чейин көбөйгөндүгүнө байланыштуу «Бай-Түшүм жана Партнерлор» (МКК)  Микрокредиттик Компаниясы ЖЧКга мамлекеттик кайрадан каттоо жүргүзүлгөн.
  • Moore & Stephens Эл аралык аудитордук фирмасы жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана маалыматты ачууга карата CGAP талаптарына туура келишине карата дүйнөнүн 62 өлкөсүнөн 231 микрофинансылык мекемелер тарабынан берилген, финансылык отчеттуулуктун талдоосун жүргүзүү менен көз карандысыз жогорку квалификациялуу эксперттер 20 уюмду жеңүүчүлөр деп аныкташкан, алардын бири болуп «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы болгон.
  • Италиянын «Микрофинанза» Компаниясы, Дүйнөлүк Банктын сертификацияланган тобу – CGAP (Кедейлерге Консультативдик Жардам Көрсөтүү) тарабынан эл аралык рейтингдик баалоонун экинчи жол-жобосу жүргүзүлгөн.
  • МКА ФФБТ өзүнүн иш-аракеттеринде «А+» деген жогорку баалоону алды. 2003-жыл үчүн ФФБТнын мурдагы рейтинги «А» болгон.  Ар кандай эл аралык финансылык уюмдар менен кызматташуу боюнча өткөн жылдардын тажрыйбасын изилдеп үйрөнүү менен Фонд коммерциялык уюмга трансформациялоо тууралуу маселени – стратегиялык планга киргизүү тууралуу чечимин кабыл алды.  Бул Фондго туруктуулук, стабилдүүлүк жана кирешелүүлүк планында анын жагымдуулугун эске алуу менен капиталга инвестициялардын агымын, жаңы финансылык продуктыларды өндүрүүгө жана ишке киргизүүгө мүмкүндүк берди.
  • 2005-жылдын декабрь айында ФФБТ «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрокредиттик Компаниясы – жоопкерчилиги чектелген коому болуп ачылды.
  • «Бай Түшүмдүн», насыялоо тармагында өзүнүн иш-аракеттерин жүргүзгөн эки микрофинансылык институтка: «Бай Тушум» МКА Финансылык Фонду жана «Бай Түшүм жана Партнерлор»  МФК болуп бөлүнүшү.
  • «Бай Тушум», Реконструкциялоо жана Өнүгүүнүн Европалык Банкынан (ЕБРР) АКШнын 2 млн. доллар өлчөмүндө насыясын алган Кыргызстандагы биринчи микрофинансылык уюм. Банктык эмес микрофинансылык уюмдар үчүн иштелип чыккан долбоордун чегинде, микрокредиттөө рыногунда ийгиликтүү жана кирешелүү иш-аракеттери менен болгон, эң жакшы уюушулган, жөнгө салына турган уюм катары  «Бай Тушум» Компаниясына ЕБРР насыялык ресурстарды бөлүп берди.
  • 2004-жылдын январь айынан тартып, ФФБТ МКА, TACIS техникалык көмөктөшүү алдында түзүлгөн Насыялык Бюросунун мүчөсү болуп саналат.
  • 2002-жылдын август айында ФФБТ, кабыл алынган «Микрофинансылык уюмдар тууралуу» мыйзамдын талаптарына ылайык, Микрокредиттик агенттик катары КР УБнын күбөлүгүн алган.
  • 2000-жылдын 24 октябрь айында «Бай Тушум» Финансылык Фонду (ФФБТ) демөөрчүлөр тарабынан ачылган. Фонд,  ACDI/VOCA америкалык уюмунун жана Caritas швейцардык уюмунун эки өкмөттүк эмес уюмдардын программаларын бириктирүү жолу менен түзүлгөн.
  • ФФБТ, дыйкандарга жана ишкерлерге финансылык жана башка кызматтарды көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын айыл жана шаар жрелеринде экономикалык жана социалдык өнүгүүгө көмөк көрсөтүүгө чакырылган.  Артыкчылык берилген маселелеринен болуп, банктык тармактарга жете албаган, жеке адамдарга, ишканаларга жана жекече менчиктик формадагы чарбаларга микрокредиттерди дайыма берүү болуп келген жана болуп кала берет.