Акциялар

«Дордой Азия» жана «Дордой Джунхай» офисинин кардарлары үчүн акция!

Финансылык абалыңызды оптималдаштырууда биздин пайдалуу шарттардан пайдаланууга мүмкүнчүлүк алыңыз.

Комиссиялар төмөндөтүлдү:

  • Резиденттер/нерезиденттер, физикалык жактар/жеке ишкерлер үчүн эсеп ачуу – акысыз
  • Эсептеги минималдуу калдык резиденттер/нерезиденттер, физикалык жактар/жеке ишкерлер үчүн – 0 сом
  • Кытайга SWIFT аркылуу акча которуулар – 0,2%, минимум 25$, максимум 50$

Акция 2024-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин өтөт.


 “Мектепке даяр” акциясы 

Жайкы пландарыңызды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! Азыр тапшырыңыз.

  • Насыянын суммасы: 10 000 сомдон 250 000 сомго чейин.   
  • Насыянын мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин.
        *50 000 сомго чейин: 12 айга чейин.
    *51 000 сомдон 250 000 сомго чейин: 36 айга чейин.
  • Пайыздык чен: жылдык 22%
  • Төлөө графиги: аннуитет
  • Насыялык тарых: “ортодон” төмөн эмес (кредиттик тарыхы жок арыздар каралбайт)
    *250 000 сомго чейинки кредиттер үчүн: 1 жылдан кем эмес
    *250 000 сомдон жогору насыялар үчүн: 2 жылдан кем эмес
  • Насыянын максаты: ар кандай керектөө максаттары (Банктын насыялоо саясатына ылайык)
  • Насыялык камсыздоо: талап кылынбайт (күрөө/кепилдик жок). Акциянын мөөнөтү: 2024-жылдын 29-июлунан 2024-жылдын 31-октябрьдын аягына чейин.

Юридикалык жактар ​​жана жеке ишкерлер үчүн  акция!

Акциянын алкагында 2024-жылдын 5-апрелинен тарта жеке жана юридикалык жактар ​​үчүн 2024-жылдын 4-мартынан 30-сентябрына чейинки мезгилге жаңы тарифтер күчүнө кирет:

Юридикалык жактар ​​жана жеке ишкерлер үчүн тарифтер:

 Кызматтын аталышы  Учурдагы тариф  Жаңы тариф
1 Айлык долбоорлорунун алкагында (Элкарт карталары, VISA):

Карта эсебине акча каражаттарын чегерүү (коммерциялык уюмдан же келишим боюнча карталык эсептин ээсинен комиссия алынат)

0-0,3% 0,00%
2  Картаны жылдык тейлөөсү (1-жыл) Элкарт 100 сом

VISA 500 сом

акысыз

акысыз

 

 

* Башка шарттар юридикалык жактар ​​үчүн «Бай Түшүм» Банкынын Visa жана Элкарт төлөм карталарынын тарифтерине жана эмгек акы долбоорлоруна ылайык.

Жеке жактар ​​үчүн тарифтер:

Кызматтын аталышы Учурдагы тариф Жаңы тариф
1 Жеке жактар үчүн VISA Gold төлөм карталары боюнча минималдуу калдык 500 сом 0 сом
2 Картаны жылдык тейлөөсү (1-жыл) Элкарт 200 сом

VISA 500 сом

акысыз

акысыз

*Башка шарттар жеке жактар үчүн «Бай Түшүм» Банкы ААКнын Visa жана Элкарт төлөм карталарынын тарифтерине ылайык.


“SWIFT – акысыз акча которуулар” акциясы уланат!⁣⁣⠀

SWIFT – бул эл аралык акча которууларды жүргүзүүчү система.⁣⁣⠀⠀

“Бай Түшүм” банкынан накталай эмес рублди сатып алууда, сиз каражаттарды комиссиясыз жана чектөөсүз жөнөтө аласыз!⁣⁣⁣⁣⠀

SWIFT акча которуулары жакшы корголгон, коопсуз жана ылдам. Ошондуктан, бул акча которуу тутумун колдонуу юридикалык жана жеке жактар ​​үчүн ыңгайлуу болот.⁣⁣⠀⁣⁣⠀

Акча которуу үчүн, жакынкы банк кеңсесине кайрылып же Интернет-банкинг тутумун колдонуу керек.⁣⁣⠀⠀

Акча которуу үчүн, сиз кайсы жакка акча жөнөтө тургандыгыңыз жөнүндө банк реквизиттерин жана SWIFT кодун билишиңиз керек.⁣⁣⠀⁣⁣⠀

 


Акция “Кыялдар орундалат!”

«Кыялдар орундалат!» акциясынын аркасында мүмкүн эмес эч нерсе жок. 500 000 сомго чейин насыя алыңыз жана фантазияңызга эркиндик бериңиз. Ушунча убакыттан бери калтырып келе жаткан нерсеңизди сатып алыңыз!

  • Насыянын суммасы – 10 000 сомдон 500 000 сомго чейин;
  • Насыянын мөөнөтү – 3 айдан 36 айга чейин;
  • Кредиттик тарых – “ортодон” төмөн эмес;
  • Насыянын максаты – Ар кандай керектөө максаттары, айыл чарба максаттары, анын ичинде айыл чарба жерлерин сатып алуу, бизнести өнүктүрүү үчүн (Банктын Кредиттик саясатына карама-каршы келбеген, тамеки өстүрүү  жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган максаттарды кошпогондо).
  • Пайыздык чен: жаңы кардарлар үчүн: 27% * дан; кайталанма кардарлар үчүн: 26% * дан
  • Кредиттин күрөөсү – туруктуу кирешеси жана/же кыймылсыз мүлкү бар 1 адамдын кыймылдуу мүлкү жана/же кепилдиктери.
  • Кайталануучу кардарлар үчүн
    – 250 000 сомго чейинки кредиттер үчүн (кошкондо) – күрөөсүз жана кепилдиксиз.
    – 250 001 сомдон 500 000 сомго чейин (кошкондо) кредиттер боюнча – кыймылдуу мүлк жана/же туруктуу кирешеси жана/же кыймылсыз мүлкү бар 1 адамдын кепилдиги.Эгерде карыз алуучу насыя алган жерде (райондо, областта) кыймылсыз мүлкү бар экендигин тастыктаса, кредит кепилдиксиз берилиши мүмкүн.Акциянын мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабрына чейин.