Банктык кепилдиктер

Эгерде Сизге жана Сиздин өнөктөшүңүзгө бири-бириңердин төлөө мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү маалымат жетишсиз болсо жана Сиз келишим боюнча тобокелдиктерди минималдуу деңгээлге түшүрөм десеңиз, анда «Бай Түшүм» Банкы Сизге банктык кепилдиктерди пайдаланууну сунуштайт.

 «Бай Түшүм» Банкы даярдап чыгарат жана кызмат көрсөтөт:

  • тендердик кепилдиктер
  • келишимди аткаруу кепилдиги
  • аванстык төлөөнү кайрып берүүнүн кепилдиги
  • төлөөнүн кепилдиги ж.б.

«Бай Түшүм» Банкындагы кепилдиктерди берүүнүн артыкчылыктары:

    • Каттоонун кыска мөөнөтү
    • Банктын бардык бөлүмдөрүндө кепилдиктерди берүү
    • Өз ара милдеттердин толук аткарылышына чейин колдонулган кепилдиктерди берүү
    • Кепилдикти берген гарант, өзүнүн кароосу боюнча бул документти кайра артка кайтарып ала албастыгы

Кепилдик милдеттенмелерди камсыз кылуунун түрлөрү:

  • Акча каражат күрөөсүнүн алдында берилген банктык кепилдиктер
  • Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк күрөөсүнүн алдында берилген банктык кепилдиктер

Насыя алуучуларга коюлуучу талаптар:

  • Ишкерлик тажрыйбанын болушу
  • Каржылануучу багытта 3 ай/6 айдан кем эмес иш тажрыйбасы

Негизги документтердин тизмеси:

  • Насыя алуучунун жана анын жубайынын, кепилдик берүүчүлөрдүн (эгер бодсо) жана эгер күрөө берүүчү үчүнчү жак болсо, анда күрөө берүүчүнүн жана жубайы экөөнүн паспортторунун көчүрмөлөрү
  • Насыя алуучунун үй-бүлөлүк абалы жөнүндөгү документтер
  • Патент, же жеке ишкердин катталуусу жөнүндөгү күбөлүк
  • Күрөөгө берилип жаткан кыймылсыз мүлктүн документтери (техпаспорт, укук берүүчү документтер, мамкаттоо кызматынан тыюу салынбагандыгы жөнүндөгү справка)
  • Күрөөгө берилип жаткан транспорт каражаттарынын техпаспорттору

Юридикалык жактар үчүн кошумча документтер:

  • Юридикалык жактын катталуусу жөнүндөгү күбөлүк
  • Устав, уюштуруу келишими
  • Насыя алуу үчүн мүлктү күрөөгө коюп жаткан юр. жакты түзүү жөнүндөгү чечим
  • Мамлекеттик салык инспекциясынан жана Социалдык Фонддон карыздары жок экендиги жөнүндөгү справка
  • Финансылык отчеттуулук (Баланс, Кирешелер жана чыгашалар жөнүндөгү отчет, Акча каражатынын жүгүрүшү жөнүндөгү отчет, Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндөгү отчет)

Банктык кепилдик берүүнүн жана аны кароонун жүрүшү насыя берүүнүн жүрүшүнө окшош

Банктык кепилдикти берүү боюнча тарифтер күрөөлүк камсыздоонун түрүнө көз каранды.

Бизнес кардарлар үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендери, тарифтери, жана комиссиялары

Кепилдиктерди берүүгө байланышкан бардык суроолор боюнча + 996 (312) 905 805 телефонуна кайрылсаңыздар болот.

*Банктык кепилдик—продукцияларды/товарларды, бүткөрүлгөн иштерди/кызмат көрсөтүүлөрдү, аванстык төлөөлөрдү же займ/кредиттерди кайтарууну келишим боюнча Банк үчүнчү жакка кепилдик берүү боюнча Банктын милдеттенмеси, Банктык кепилдиктин максаты –эгерде негизги карызкер (сатып алуучу) келишимдик милдеттенмелерди аткарбаган учурда Банктын кепилдиги астында камсыз кылына турган келишимдерди түзүүдө ишенимдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат.