Банктык эсеп

«Бай-Түшүм» банкы жеке адамдар үчүн ишкерчилик багыты менен байланышпаган банк эсебин ачуу жана жүргүзүү боюнча эсеп иштерин аткарууда сом жана чет өлкөлүк валютада кызмат көрсөтөт.

Банктын тарифтери

Реквизиттер

Банк эсеби Сизге колдо болгон акча каражатыңызды үнөмдүү жана натыйжалуу gайдалануу менен бүтүндөй банк иштеринин комплексин:

  • акча каражатын эсепке жайгаштыруу жана алуу,
  • дүйнөнүн бардык бурчуна акча каражатын которуу,
  • которуулардын эсебине чегерүү,
  • конверсиялык иштерди (акча алмаштыруу) жүргүзүү,
  • акча каражатын кайрадан эсептеп чыгуу жана текшерүү,
  • валюталарды алмаштыруу жана ирилештирүү,
  • эскирип кеткен улуттук валютаны алмаштыруу,
  • пластик карталарын тез арада алуу,
  • Интернет аркылуу 24/7 режиминдеги эсеп боюнча бардык операцияларды жүргүзүү үчүн Интернет-банкингди колдонуу.

Бул кызматтардын аркасында Сиз:

  • жакындарыңызга акча которууну,
  • ар кандай товарлар жана тейлөөлөр үчүн мекемелердин эсебине акча каражатын которууну,
  • жеке адамдардан жана мекемелер тарабынан камсыздандыруу төлөмү, гонорар, айлык маяна, пенсия ж. б. у.с. акча которууларды алууга,
  • насыяларды төлөөнү,
  • аманатты толуктоо үчүн акча каражатын которууну,
  • акча каражатын каалаган валютага алмаштырууну,
  • Сиздин акча каражатыңызды коопсуздукта сактоого,
  • 24/7 режиминдеги ар күнкү финансы иштерин аткарууну жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Бай Түшүм» Банкындагы тейлөөнүн артыкчылыктары:

  • Кыргызстандын бардык аймагы боюнча кеңири жайгашкан бөлүмдөр тармагы,
  • Банк – корреспонденттердин кеңири тармагы,
  • квалификациялуу адистердин тейлөөдөгү профессионалдуу деңгээли,
  • банктын Кыргызстан боюнча бардык бөлүмдөрүндө эсеп счетундагы иштерди аткаруу жана акча каражатын алуунун мүмкүнчүлүгү,
  • акча каражатын ишенимдүү сактоо жана атаандаштык тарифтери,
  • электрондук төлөмдөрүнүн (SWIFT) коопсуз тармагы,
  • жашырындуулуктун кепилдиги.

Сиз эсептеги акча каражатыңыз жана андагы өзгөрүүлөр жөнүндөгү бардык маалыматтарды Интернет-банкинг же жашыруун сөздү атоо менен телефон аркылуу дайыма биле аласыз.

 Банктан эсеп ачуу үчүн Сизге паспорттуңузду, же аны алмаштыруучу документиңизди көрсөтүү гана зарыл.

Банктын тарифтери жана кассалык-эсептөө кызматынын тарифтери  менен Сиз ушул ссылка аркылуу тааныша аласыз

https://fiu.gov.kg/sked/3 –  жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин жана аймактардын тизмеги