ВТВ Оnline – Агро Линия Түшүм

Жаз – дыйкан үчүн эӊ кыйын учур. Түшүмдүүлүк, малдын саны жазында көрүлүүчү аракеттерге жараша болот.Талаа өсүмдүктөрүн жана мал чарбачылыгын каржылоо үчүн «Бай Түшүм» банкынын ВТВ Оnline мобилдик банкинг тиркемеси аркылуу фермерлерге онлайн насыялоо иштелип чыккан. Банкта идентификацияланган «Бай Түшүм» банкынын кардарлары 5 мүнөттүн ичинде үйдөн чыкпастан кийинки насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Каржылоо үрөндөрдү, жер семирткичтерди сатып алууга, жаш малды сатып алууга, отоо чөптөрдү тазалоого, сугарууга, ветеринардык кызматтарга ж.б.у.с. үчүн зарыл болгон транш менен алынышы мүмкүн. Дыйкандар каржылоону даярдоонун жана себүүнүн алгачкы этаптары үчүн гана эмес, топуракты иштетүү, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо сыяктуу кийинки этаптарга да ала алышат.


  • Насыя 5 мүнөттүн ичинде бекитилет
  • Айыл чарба циклинде бир жолу насыя алуу үчүн иш-кагаздарды чогултуу жана берүу (жылына 1 жолу)
  • Убакытты үнөмдөө

Каржылоо шарттары:

  • Кредиттик линиянын суммасы – 50 000 ден 500 000 сомго чейин
  • Минималдуу транштын суммасы – 10 000 сом
  • Пайыздык чен: 27%*-дан
  • Насыя мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин
  • Карыз алуучунун жашы: 18ден 70ке чейин
  • Айыл чарба тармагында 12 айдан кем эмес иш тажрыйбасы
  • Кредиттик тарыхы «орточодон» төмөн эмес

*эффективдүү пайыздык чен: сом менен 32,98 %дан

Кредиттик линияга күрөө болушу мүмкүн:

50 000 ден 300 000 сомго чейин (350 000 сом кайталануучу кардар үчүн )

  • Кыймылдуу мүлк, анын ичинде транспорт каражаттары
  • Жүгүртүүдөгү товарлар, анын ичинде мал
  • Кепилдик (минималдуу 1 адам)

300 000 сомдон (351 000 сом кайталануучу кардар үчүн) 500 000 сомго чейин

  • Кыймылсыз,кыймылдуу мүлк (транспорт каражаттары)
  • Жүгүртүүдөгү товарлар, анын ичинде мал
  • Кепилдик (минималдуу 1 адам)

Түшүм Агро Багыты насыясын кантип алса болот?

  1. «Бай Түшүм» банктын кеӊсесинен кредиттик линияга кайрылыӊыз
  2. Play Market же AppStorе-ден мобилдик тиркемени жүктөп алыӊыз
  3. Катталуу жана кийинки транш учүн арыз берүү

ссылка на скачивание приложения в App Store

ссылка на скачивание приложения в Google Play Market

Пайыздык чени жана төлөө тартиби суралган насыянын өлчөмүнөн, мөөнөтүнөн, төлөө жөндөмдүүлүгүнөн, каралган күрөөдөн көз каранды.  Сатуу боюнча адис сиз сураган суммага ылайык  төлөө тартибин сунуштайт.