Банк жөнүндө

Америкалык өкмөттүк эмес уюм ACDI/VOCA жана швейцариялык Caritas уюму менен бирге өткөрүшкөн «FoodforProgress» монетизациялоо программасынын алкагында эл аралык долбоор катары өз ишин 1997-жылы баштоо менен «Бай-Түшүм» банкы финансы рыногунда 2000-жылдан баштап иштеп келүүдө. «Бай-Түшүм» депизиттерди тартуу боюнча лицензиясы болгон финансылык фонддон жана микрофинансылык компаниядан баштап, толук банктык лицензияга ээ болгон универсалдуу Банкка чейинки өнүгүүнүн динамикалуу жолун ишенимдүү басып өттү. Бул убакыттын аралыгында ал жалпы активдеринин өлчөмү 9,9 млрд. сомду түзгөн  жана кардарларынын 195 миңден ашуун  базасы болгон Кыргыз Республикасындагы эң ири финансы институттарынын бири боло алды.

Динамикалуу өнүгүүнүн тарыхы, чакан жана орто бизнестен баштап, ири компанияларга чейинки кардарлардын реалдуу насыялык колдоосу, дайыма өнүгүүнүн үстүндө болуу, жаңы технологияларды ишке киргизүү, тейлөөдөгү дистанциялык каналдарды өнүктүрүү жана бизнес-процесстерди оптимизациялоо «Бай Түшүм» Банкына банктык сектордогу насыялык куржун менен боюнча тогуздуктун,  уставдык капитал, аманаттар жана активдер боюнча ондуктун катарына кошулууга мүмкүнчүлүк берди. Көп жылдардан бери топтолгон ийгиликтүү тажрыйба, өз ишибизде  эл аралык практиканы колдонуу жана бизнес-процесстерди такай өнүктүрүп туруу, кардарларга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо, акционерлердин жана инвесторлордун колдоосу, ойлонулган кадр саясаты жана өнүгүүнүн так  стратегиясы Банкка өз ишмерчилигинде биринчиликте болууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Депозиттик лицензияны алган Кыргызстандагы биринчи  микрофинансылык уюм

  • Кыргызстандагы депозиттик лицензияны алган биринчи микрофинансылык уюм
  • Борбордук Азиядагы толук банктык лицензияны алган биринчи микрофинансылык уюм
  • «Кардарларды коргоо принциптерине» дал келүү боюнча Эл аралык SMART сертификатын алган Кыргызстандагы биринчи банк
  • Уюлдук mPOS терминалдар долбоорун баштаган биринчи жана жалгыз банк
  • өздүк маркетплейс BTB Market өндургөн Кыргызстандагы биринчи банк

«Бай Түшүм» Банкы кеңири филиалдык тармакка ээ болуу менен бүткүл өлкөбүз боюнча ишкерлерге финансылык тейлөөлөрдүн толук спектрин сунуш кылуу аркылуу Кыргыз Республикасынын калкын финансылык тейлөөлөр менен камсыз кылууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө.

Перечень разрешенных банковских операций к лицензии № 050 ОАО Банк “Бай Тушум”

Бай Тушум Банк Ачык Акционердик Коомунун Мамлекеттик каттоо куболугу

Реквизиттер