Интернет-банкинг

Интернет-банкинг: аралыктан башкаргын!

Улам көбүрөөк адамдар акыркы мезгилдерде, мурдараак банк кеңсесине милдеттүү барууну талап кыла турган жол-жоболордун бардыгын аралыктан жүзөгө ашырууга мүмкүндүк бере турган заманбап банк технологияларын жигердүү өздөштүрүүдө. Мисалы, интернет-банкинг.

Ал ушунчалык ыңгайлуулугунан улам, юридикалык жактар үчүн “берилгендиги боюнча” кызмат болооруна аз-аз гана калды, жада калса жеке адамдар дагы кошумча банк “плюсунан” баш тартышпайт болуш керек. Макул болсоңуз, Сиздин эсебиңизде канча акча бар экенин билүү же болбосо бир эсептен башкасына банк кызматкеринин жардамысыз каражат которуу – бул бүгүнкү күндөгү милдет ушунчалык көп болгондугунан, аларды чечүүгө убакыт уламдан-улам азайып жаткан кезде бир топ эле жеңилдетүү.

Ошентип, интернет-банкингден улам Сиз кандай мүмкүндүктөрдү алышыңыз мүмкүн? Биринчи кезекте, бул банкта ачылган эсептерди алыстан туруп башкаруу: күнү-түнү жана дем алышсыз, үйдөн же Бишкектеги кеңседен чыкпастан, дүйнөнүн каалагандай чекитинде иш сапарында, эс алууда туруп дагы. Сиз эсептер боюнча калдыктарды карай аласыз, зарыл болгон убакыт мезгили үчүн көчүрмөлөрдү же болбосо эсептен эсепке акча каражаттарын которууга карата төлөм тапшырмасын түзөсүз (бул банк ичиндеги которуу, банктар аралык которуу жана жада калса SWIFT тутуму боюнча которуу болушу мүмкүн). Интернет-банкинг конверсиялык операцияларды (алмаштыруу) жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бул кызматка туташуу үчүн эмне керек? Эң эле арзыбаган нерсе! Биринчиден “Бай Түшүм” банкы өз кардарларына интернет-банкингге кирүү жеткиликтүүлүгүн таптакыр акысыз сунуштайт. Болгону эсепти же депозитти ачуу учурунда келишимде кызматка туташууга карата өз макулдугуңузду быйтыкча менен белгилеңиз. Эгерде Сиз аны дароо жасабаган болсоңуз, коркунучтуу эч нерсе жок: жөн гана банктын каалагандай жакынкы бөлүмүнө же анын филиалына кайрылыңыз жана арыз менен келишимге кол коюңуз.

Интернет-банкинг кардарларга үйүнөн, же офисинен чыкпастан жана ошондой эле дүйнөнүн кайсы гана бурчунда эс алууда жүрсө да суткасына 24 саат жана жуманын бардык 7 күнү боюу Банкта ачылган эсеп-счетторун алыста туруп башкарууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Интернет-банкинг мүмкүнчүлүк берет:

  • Эсеп-счетторундагы калдыктарды кароого
  • Керектүү болгон учурдагы каттоолорду бир калыпка келтирүүгө
  • Бир эсептен экинчи бир эсепке акча каражаттарын которуулар боюнча төлөм тапшырыктарын бир калыпка келтирүүгө (банк ичиндеги которуулар, банк аралык которуулар, SWIFT тармагы боюнча которуулар)
  • Конверциялык операцияларды жүргүзүү (алмаштыруулар)

Интернет-банкингдин колдонуучусунан болуңуз! Банк операцияларында өз алдынча жана ыкчам болуңуз!

Көңүл буруңуз! Банк тараптан Интернет Банкинг аркылуу кардарлартараптан жүргүзүлүүчү төлөмдөр боюнча төмөнкү лимиттер белгиленген:

  • жеке адамдар үчүн төлөмдөр боюнча күнүмдүк лимиттин суммасы 200 000 сомду түзөт (эквивалент чет өлкө валютасында да);
  • юридикалык жактар үчүн төлөмдөр боюнча күнүмдүк лимиттин суммасы 500 000 сомду түзөт (эквивалент чет өлкө валютасында да).

Жекече лимиттерди белгилөө үчүн банктын жакынкы кеңсесине кайрылуу жана арыз толтуруу зарыл болот.

Интернет-банкингди колдонууну каалайсызбы? Мында билдирме калтырыңыз!

Интернет-банкингге туташтуу интернет аркылуу жүзөгө ашырылат жана атайын программаны орнотууну талап кылбайт. Интернет-банкинг менен иш алып баруу үчүн акыркы версиялардагы стандарттык Интернет-браузерлер (Internet Explorer, Mozilla, Chrome, Opera, Safari) орнотулган Flash Player 9 (же андан жогору) колдонулушат.

Интернет-банкинг баракчасына өтүү

Аралыктагы банкингди туташтырууга карата келишим (эл алдындагы оферта).