VISA Business төлөм карталары

Visa Business – Сиздин ишкер тандооңуз!

Visa Business алар үчүн иш сапары –жашоо стили болгондорго керек. Качан үйдөн алыста туруп дагы тынч, ишенимдүү жана эксцесстерсиз жүрүүнү каалаганда. Өзгөчө чыгашалар бөлүгүндө.

Жана ким эле өзүнө жеке эле эмес, «контор» чыгымдарын дагы «илип алууну» каалабагандыктан гана эмес. Кесиптештеринен алыста туруп жана компаниянын жетекчиси (же бухгалтери, мисалга) болуу менен, Сизге баары бир «окуянын баарын билип туруу» керектиги жана өз маалында кандайдыр-бир күнүмдүк акы төлөөлөрдү –иш токтоп калбоосу үчүн жүргүзүп туруу дагы керек болушунан улам. Ал эми иш сапарларында жана мүмкүн болгон бардык сапар тартууларда аны кандай кылуу керек? Убакыт аз, иш болсо чачтан көп, банкта кезектерде турганга түтпөйсүз. «Эмне-кайда-канча» жазуулары үчүн талмудду алып жүрүү татаал, анан дагы жолго чыгып жатып, ал тууралуу дайым эле эстей бере албайсыз. Дагы эле кайсы бир шашылыш чыгымдар компаниянын жетекчисин, ал жеңил-желпи жөнөп калган эс алуу маалында дагы күтө тура алат. Бирок аларды кийинкиге калтырууга болбойт, антпесе аларсыз утурумдук операциялык ишмердик же болбосо сүйүктүү компаниянын потенциалдуу алына турган пайдасы катуу жапа чегип калышы ыктымал.

Чечүүнүн жолу – эл аралык Visa Business банк картасы. Ооба, баары мурдатан угуп жүргөн Visa Classic жана Visa Goldдон тышкары, дагы бир ушундай карта бар! Бишкекте дагы.

Кенедей карточка – ишкерлер, кызматкерлер жана башка ишкер адамдар үчүн ири артыкчылыктар! Жакшы жактары – сутканын каалагандай маалындагы акча которуулар жана финансынын дүйнөнүн каалагандай чекитиндеги жеткиликтүүлүгү сыяктуулар гана эмес. Visa Business, баарынан мурун, жеке жана ишкер чыгашаларды бөлүштүрүүгө, кеңсе жабдуулары, канфелярдык товарлар, ишкананын коммуналдык кызматтары үчүн акы төлөөнү жүргүзүүгө, компаниянын эсептешүү операцияларын жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул карта менен Сизге ошондой эле белгилүү мезгилдин акырында транзакциялар үчүн акы төлөөнү жүргүзүү менен накталай акчанын жүгүртүлүшүн контролдоого жеңил болот.

Visa картасын биздин банктан дагы заказ кылууга болот! «Бай Түшүм» аны ыкчам жана абдан эле жеткиликтүү тарифтер боюнча чыгарат.

Кийинкиге калтырып койбой, сунуштан пайдаланыңыз! Анткени ишкер адам, баарынан мурун, максимум пайдага жана убакыттын натыйжалуулугуна баа берет эмеспи.

VISA төлөм картасы боюнча корпоративдик карталар үчүн тейлөө тарифтери  

Банкоматтар, терминалдар