Миссия жана баалуулуктары
Миссия
Убакытты баалайбыз. Жашоодон рахат алууга жана кыялдарды орундатууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүүчү Банкинг түзөбүз!
Банктын баалуулуктары:
- Биз баарыбыз бирге гүлдөп өнүгө алаарыбызга ишенебиз.
- Кардарлардын бакубатчылыгынын өсүшү – жалпы өлкөбүздүн ийгилиги.
- Эң жакшы кардардык тажрыйба.
- Биздин бардык ишибиз кардарлардын кызыкчылыктары үчүн жана ошонун айланасында курулган.
- Биз тез арада тейлөө жана тейлөөнүн жогорку сапаты менен кардарларыбызды таң калтыруу үчүн дайыма аракеттенебиз.
- Биз дайыма ачык-айкындуулукта иштейбиз, өзүбүздүн кардарларыбыздын оюндагыдай жана андан да артык тейлөөлөрдү сунуштайбыз. Өз ара ишенимдүү, өнөктөштүк мамилелерди курабыз.
- Бардык убакыттардагы үлгүлүү команда
- Банктын жетишкендиктери жана ийгиликтери – биздин үлгүлүү команданын натыйжасы экендигине биз ишенебиз.
- Өз ара ишеним, сый-урмат, демилгелүүлүк жана ачык-айкындуулук бизге мыкты натыйжаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.
- Бизде профессионалдык жактан өсүп-өнүгүү жана адистик кубаттуулугубузду толук ачуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар.
- Биз өз ишибизди жан дилибиз менен аткарабыз.
- Команданын ар бир мүчөсү банк менен бирге өсүп-өнүгүүдө. Туруктуулукту жана коопсуздукту сезүү – эң мыкты иш оруну биздин банкта экендигигин көрсөтүп турат.