Айлык долбоору

«Элкарт» төлөм системасы – бул Кыргызстан боюнча банкоматтардын эң кеңири тору.

 «Бай-Түшүм» Банкынан эмгек акы долбоорунун уюмдар үчүн артыкчылыктары:

  • Кассалык операцияларды жүргүзүүгө, накталай акча каражаттарды сактоого жана ташууга, инкассацияга карата чыгашаларды жүргүзүүгө карата каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен персоналга эмгек акыны берүүгө байланышкан чыгашаларды төмөндөтүү;
  • Уюмдун бухгалтериялык жана кассалык кызматынын жүгүн төмөндөтүү, накталай акчалар менен иштөө учурунда тобокелдикти четтетүү, кызматкерлердин коопсуздугун купуялыкты камсыз кылуу;
  • Банкка төлөм тапшырмасын жана банктык карталардын эсептерине эмгек акынын суммаларын которууга карата тизмени берүү жолу менен суммаларды бир төлөм менен которуунун ыңгайлуулугу;
  • ар кандай аймактарда филиалдары жана өкүлчүлүктөрү бар болгон уюмдар үчүн ошол филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин банктык карталарынын эсептерине акча каражаттарды борборлоштуруп которуу мүмкүндүгү;
  • уюмдун кеңсесине банкоматтарды орнотуу мүмкүндүгү;
  • уюмдун аймагында Банктын кызматкерлери тарабынан карталарды берүү;
  • карт эсептерге каражаттарды минималдуу мөөнөттөрдө которуу;
  • кызматкерлердин эмгек акыларына карата купуялыкты камсыз кылуу.

Уюмдун кызматкерлери үчүн артыкчылыктар:

  • уюмдун кассасында кезек күтүүнүн кажети жок, эмгек акы картага автоматтык түрдө которулат;
  • бүтүндөй өлкө боюнча жайгашкан банкоматтар аркылуу 24/7 режиминде өз акчаларын алууга жетүү;
  • sms-билдирүүлөрдүн жардамы менен жана Интернет-банкинг аркылуу бардык операцияларга on-line көзөмөлү;
  • карт-эсептеги минималдуу калдыктын суммасы 1 000 сомдон кем эмес учурда, ага жылдык 3% кошуп эсептөө;
  • өзү менен бирге накталай акчаларды алып жүрүүнүн зарылдыгы жана ири суммадагы накталай акчаларды алып жүрүүгө байланышкан тобокелдиктердин жоктугу;
  • карта жоголгон учурлар болсо, картага оперативдүү бөгөт коюу мүмкүндүгү, карталык эсептеги акчалардын сакталышы кепилденген;
  • коммуналдык кызматтардын, товарлардын жана тейлөө кызматтардын акысын накталай эмес төлөө мүмкүндүгү;
  • өзүңдүн чыгашаларыңды жеңил жана натыйжалуу көзөмөлдөө мүмкүндүгү (кызматкердин өтүнүчү боюнча Банк карталык эсеп боюнча көчүрмөнү ай сайын акысыз берип турат);
  • ошол эле тарифтер боюнча туугандарыңыздарга жана жакындарыңыздарга кошумча карталарды чыгаруу мүмкүндүгү.

Уюмдардын кызматкерлери, «Элкарт» карталарын кармоочулар Банктын төмөнкү кызматтары менен колдоно алышат:

  • Кыргызстандын соода-сатык сервистик түйүндөрүндө товарлардын жана тейлөө кызматтардын акысын төлөө;
  • банкоматтардан жана накталай акчаларды берүүчү пункттардан накталай акча алуу;
  • коммуналдык кызматтардын акысын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн: банкоматтарды жана POS-терминалдарды колдонуу менен мобилдик операторлордун, Интернет-провайдерлердин, ТВ жана башкалардын төлөмдөрүн төлөө;
  • банкоматтар жана POS-терминалдар аркылуу картадан картага акча которууларды жүргүзүүгө.
  • эмгек акыны жана башка келип түшө турган акчаларды алууда картаны колдонуу.

 Эмгек акы долбооруна кантип туташууга жана кызматкерлерге эмгек акыларын төлөп берүүнү кандай уюштурууга болот:

1. Уюм эмгек акыны которуу үчүн карточкалык эсептерди ачуу жана эмгек акы долбоорун тейлөөгө карата келишимин түзүү үчүн Банктын каалаган кеңсесине кайрылат.

2. Уюмдун ар бир кызматкеринен арыз, паспортунун көчүрмөсү жана колдордун үлгүлөрү менен карточкасы даярдалат. Уюмдун бардык кызматкерлеринин документтеринин пакети Банкка берилет.

3. «Элкарт» төлөм карталарын чыгаруу үчүн Уюм кызматкерлердин реестрин берет.

4. Банк Уюмдун кызматкерлерине карталарды чыгарат жана карталарды ишеним кат боюнча Уюмдун ыйгарым укуктуу кызматкерине же түз эле кызматкерлердин өздөрүнө берет.

5. Банк карточкалык эсептердин номерлерин көрсөтүү менен Компаниянын кызматкерлеринин ведомостун Уюмга берет.

6. Уюм кол коюлган жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмгек акынын ведомостун берет, ошондой эле анын электрондук версиясын Банктын ыйгарым укуктуу кызматкерине кайталап берет.

7. Банк берилген ведомостко ылайык, кызматкерлердин карточкалык эсептерине эмгек акыларды которот.

Кошумча кызматтар

  • Банктын каалаган бөлүмүнөн кызматкердин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү үчүн кошумча карталарды ачуу мүмкүндүгү.
  • Интернет-банкинг системасы аркылуу эсептерди көзөмөлдөө мүмкүндүгү.
  • Кызматкерлерге ыңгайлуу болушу үчүн түз эле компаниянын кеңселеринде банкоматтарды орнотуу мүмкүндүгү.
  • Банктын Контакт-борбору аркылуу пластикалык карталарды колдонуу маселелери боюнча карталарды кармоочуларга оперативдүү консультациялык колдоо көрсөтүү.