VISA төлөм карталары

«Бай-Түшүм» банкынан эл аралык VISA карталары

КАЙДА—дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде, соода жайларында, интернетте, банкоматтарда,

банктардын бөлүмдөрүндө

КАЧАН—сутканын бардык убактысында

ВАЛЮТА — эсеп-счетундагы валютага көз карандысыз түрдө, кайсыл өлкөдө жүрсөңүз ошол өлкөнүн валютасында

VISA картасынын артыкчылыктары:

  • Бүткүл дүйнө жүзү боюнча 20 миллиондон ашуун соода-сервистик ишканалар
  • Интернет аркылуу каалаган сатып алууларды жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүгү
  • Сутка боюу эсеп-счетундагы акча каражатын алуунун мүмкүнчүлүгү
  • Коопсуздук: жоголгон накталай акча кайра табылбайт, аны таап алган башка бирөө пайдаланат. А эгерде картаңызды жоготуп алсаңыз, анда Сиз Банк менен байланышка чыгып, өз акчаңызды санкцияланбаган колдонуудан сактап кала аласыз
  • СМС-билдирүүлөр –  СМС-билдирүүгө туташуу менен 24/7 тартибинде ар кандай дебет операциялары жөнүндөгү билдирүүлөрдү алып туруңуз
  • Чыгашалар эсебин жүргүзүү: ар айдагы выпискалардын, мобилдик банкинг же Интернет-банкингдин жардамы менен качан, кайсы жерде жана канча акча чыгымдагандыгыңызга байкоо жүргүзө аласыз
  •  Бүткүл Кыргызстан боюнча картадан картага Акча каражатын которууну жүргүзүү. Бул үчүн  банкоматты колдонуу гана жетиштүү
  • Кыска мөөнөттүү насыя алуу мүмкүнчүлүгү  (овердрафт)

 

VISA DEBIT VIRTUAL: виртуалдык, бирок баары бир эл аралык

А Сиз билесизби, кол менен сезүүгө болбой турган Visa төлөм картынын ээси болууга мүмкүн экенин? Ал кадимки түрдө жөн гана жок – ал виртуалдык!

VISA DEBIT VIRTUAL өзү менен онлайн-сатып алууларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болуучу банк картасынын реквизиттерин түшүндүрүп турат. Ал катуу түрүндө таптакыр чыгарылбайт, жөн гана он-лайн мейкиндикте банктын серверлеринде катталат. Өзүң менен капчыкта алып жүрбөйсүң, жоготуп алуудан коркпойсуң – анын бардык маалыматтарын эстеп алуу гана жеткиликтүү. Ал эми дүйнөлүк тажрыйба сунуш кылат: «Амазондон» же «Али экспресс», «Вайлдберриден» сатып алуулар жана башка маркетплейстер үчүн дал ушундай, виртуалдык карта менен төлөө керек.

Сизге дайыма эле аны ачуу үчүн банк кызматкеринин жардамынан колдонуунун кереги жок. Ал таптакыр эле акысыз. Бирок өзгөчө пайдалуу: анткени анын жардамы менен айыппулдарды төлөө, коммуналдык төлөмдөрдү төгүү ж.б.у.с. күнүмдүк маселелердин баарын чечүүгө мүмкүн да. Виртуалдык эсептеги акчаны толуктоо үчүн ошондой эле өзгөчө убактылуу жана дене күч-аракеттери талап кылынбайт: Сиз ага каражатты өзүңүздүн кадимки эсебиңизден (же экинчи картадан, же терминалдан – телефондун же «Элсомдун» балансын толтуруу принциби боюнча) «ыргытасыз».

Кичинкекей купуя сыр: «Бай түшүм» банкынын бардык кардарлары өзүнө ушул виртуалдык картаны өз алдынча тариздете алышат. Жөн гана «ВТВ-24» мобилдик банкинг кызматынан пайдалануу менен.

VISA DEBIT VIRTUALдын аракетте болуу мөөнөтү – 5 жыл, андан кийин аны кайра каттоо, же болбосо жаңысын ачуу керек болот. Андагы каражаттардын жылышуусун контролдоо жеңил – ошол эле «ВТВ-24» кызматы аркылуу.

Виртуалдык Visaнын ээси болууну каалайсызбы? Мында – аны каттоо алгоритми.

  • Тез арада чыгаруу
    Картанын өзун алып жүрүүнүн кажети жок
    Каражаттарды контролдоо BTB 24 Мобилдик банкинги аркылуу жүргүзүлөт

Премиальная карта Visa Platinum — бардык саякаттарда Сиздин идеалдуу шеригиңиз!

Visa Platinum – бул каржыңыздын ишенимдүү коргоосу жана өзгөчө артыкчылыктар:

  • картанын жарактуулук мөөнөтү – 5 жыл⁣⁣
  • сатып алууларыңызды уурулуктан же зыяндан коргоо⁣⁣
  • дүйнөнүн каалаган банкоматында айына 2 жолу комиссиясыз накталай акча алуу
  • Visa Concierge Чат -боту (Telegram, Viber, Whatsapp) ⁣⁣ ⠀
  • 24/7 кардарларды колдоо глобалдык кызматы
  • саякатчыларга эл аралык медициналык жана маалыматтык жардам ⁣⁣⠀
  • саякат учурундагы камсыздандыруу
  • учуунун жана багаждын кармалышынын компенсациясы⁣⁣
  • Lounge Key бизнес залдарына жылына 2 жолу бекер кирүү
  • Avis.com менен унаа ижарасына 35% га чейин арзандатуу ⁣⁣⠀
  • мейманканаларды Agoda.com сайтында ээлеп коюуда 12% га чейин арзандатуулар

Visa Platinumдун дагы бир артыкчылыгы – бул BTB 24 тиркемеси аркылуу каалаган убакта, каалаган жерде банктык операцияларды жүргүзүү жана финансыны көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү.

VISA Gold: статустук артыкчылыктар

Макул болуңузчу, өз абалынын статустуулугун жана престижин баса белгилөө – көпчүлүк адамдар каалаган нерсе. Ал эми ага кошумча бонустар кошула турган болсо – анда эки эсе! VISA Gold картасы менен Сиз муну гана эмес, көп нерсени да аласыз!

VISA Gold — эл аралык банк картасы. Ал адегенде, анын кармоочусунун статусун баса белгилөөчү жана VISA эл аралык тутуму тараптан сунушталуучу бир катар артыкчылыктарга жол ала турган карта катары түзүлгөн.

Анын ээлери, супермаркеттеги сатып алууларына же сулуулук салонундагы чач жасалгасына эмнени төлөй тургандыгы сыяктуу маселелерге баш ачытышпайт. Аларда расмий сайттан алынуучу Gucci пальтосуна же өз гаражынын эшигине чейин жеткирүү менен Maserati үчүн рулду төлөөгө кыйынчылыктар туулбайт. Алар накталай акчаны бүткүл дүйнө жүзүндө банкоматтар түйүнүнөн чыгарып алышат жана, азыр Багамада турган сүйүктүүсү үчүн «гүл чамбарына» бир нече миң доллар кокусунан эле жетпей кала тургандыгы тууралуу таптакыр кейишпейт –анткени бул үчүн сервиске кошулган овердрафт кызматы бар да.

Ушунун баары, азыраак версиясында болсо дагы, «жөнөкөйүрөөк» категориядагы Visa карталарында да бар. Ал эми арзандатууларды жана атайын сунуштарды дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүндөгү отелдерди брондоо же  автоунааларды ижарага алуу учурунда алуу үчүн – VISA Gold гана. Дал ушул жерде атайын VISA Premium Offers Премиалдык сунуштар программасы аракеттенет.

Бул стандарттуулардан премиалдык картанын жападан-жалгыз айырмачылыгы эместиги түшүнүктүү да. VISA Goldдун ээлерине гана Кардарларды колдоонун глобалдык кызматынын (GCAS) кызмат көрсөтүүлөрү сунушталат. Бул, Сизге, көксөгөн картанын ээсине сыяктуу, картанын шашылыш алмаштырылышы, накталай акчаларды шашылыш берүү, карталарды блокировкалоо жана блоктон чыгаруу, Сиз кайда болбоңуз, күнү-түнү маалыматтык колдоо жеткиликтүү экендигин билдирет.

«Алтын» картанын ээлери жана эң эле «жөпжөнөкөй», бирок айрым учурларда абдан зарыл болуучу, медициналык жана юридикалык сурап-билүү кызматтарынын кызмат көрсөтүүлөрүн күнү-түнү сунуштоо сыяктуу нерселер тууралуу кам көрүлгөн.

Албетте, коопсуздуктун өзгөчө тутуму дагы караштырылган: операциялар милдеттүү авторизациялануу менен жүргүзүлүшөт, бул Сиздин каражаттардын карта жоголгон учурларда дагы сакталып туруусун камсыздайт.

VISA Gold: ага ээлик кылуу керек!

Сиз Visa картасын, төмөнкү шилтеме боюнча анкетаны толтуруп, жеткиртүү менен заказ кыла аласыз https://www.baitushum.kg/ru/zakaz-karty //

 

VISA Business күндөлүк төлөмдөрдү жүргүзүп туруу үчүн ишканалар пайдаланган карта.

Түшүндүрмө иретинде:

  • Командировкалардын жана өкүлчүлүктүү чыгымдардын эсебин жүргүзүү
  • Офисттик жабдуулар, канцелярдык товарлар жана башкалар үчүн төлөмдөрдүн эсеби
  • Коммуналдык  ж. б. тейлөөлөр үчүн ишканалардын эсептик операциялары
  • Ишканалардын ээлерине жеке жана ишкер чыгашалар статьяларын бири-биринен бөлүүгө мүмкүнчүлүк берет, мындан тышкары транзакциялар үчүн төлөмдөр белгилүү бир мезгилдин аягында гана  жүргүзүлгөндүктөн, накталай  акча каражатынын жүгүртүлүшүн көзөмөлгө алууга шарт түзөт

МААНИЛҮҮ!

Тобокелдиктин жогорулатылган деңгээли бар өлкөлөрдүн тизмеги.

Көрсөтүлгөн өлкөлөргө барып келүүдөн кийин банк картаны кайра чыгарууну сунуш кылат.

VISA картасы боюнча лимиттердин өзгөртүлүшү жөнүндө жана/же тобокелдиктин жогорулатылган деңгээли менен болгон өлкөлөрдөгү жеткиликтүүлүктү ачуу жөнүндө арыз.

VISA төлөм картасы боюнча жеке жактар үчүн тейлөө тарифтери

VISA VIRTUAL тарифтер

ААК «Бай Түшүм» Банкынын Жеке жактар үчүн төлөм карталарын пайдалануу эрежелери            

Банкоматтар, терминалдар