Элкарт төлөм карталары

«Элкарт» төлөм системасы – бул Кыргызстан боюнча банкоматтардын эң кеңири тору.

«Бай-Түшүм» Банкы өзүнүн кардарларына улуттук валютадагы «Элкарт» банктык төлөм карталарын сунуш кылат. «Бай-Түшүм» Банкынан алынган төлөм картасы Сизге соода-сатык сервистик ишканаларында товарлардын жана тейлөө кызматтарынын акысын накталай эмес жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагында накталай акчаларды бере турган пункттардан жана банкоматтардан накталай акча каражаттарды алууга, ошондой эле коммуналдык кызматтардын акысын жана кызмат көрсөтүүчү башка төлөмдөрдү төлөөгө мүмкүндүк берет.

 «Элкарт» төлөм картасынын артыкчылыктары:

  • пластикалык картаны чыгаруу акысыз;
  • картанын жылдык тейлөө наркы жеткиликтүү;
  • бүтүндөй өлкө боюнча жайгашкан банкоматтар аркылуу 24/7 режиминде өз акчаларын алууга жетүү;
  • sms-билдирүүлөрдүн жардамы менен жана Интернет-банкинг аркылуу бардык операцияларга on-line көзөмөлүн жүргүзүү;
  • картанын ээсине анын ага тийиштүүлүгүн текшерүү мүмкүндүгү;
  • «Бай-Түшүм» Банкынын же башка банктардын («Элкарт» деген логотиби менен банкоматтар) банкоматтарынан жана накталай акчаларды берүүчү пункттарынан накталай акчаларды алуу мүмкүндүгү;
  • Карта жоголгон же уурдалган учурда акчалардын сакталып калышы үчүн – жоголгон картага бөгөт коюу жана картада болгон бардык каражаттарды калыбына келтирүү менен жаңы карта чыгаруу мүмкүндүгү.

«Элкарт» банктык төлөм картасы төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • Кыргызстандын соода-сатык сервистик түйүндөрүндө товарлардын жана тейлөө кызматтардын акысын төлөөгө;
  • банкоматтардан жана накталай акчаларды берүүчү пункттардан накталай акча алууга;
  • коммуналдык кызматтардын акысын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн төлөмдөрүн төлөөгө: банкоматтарды жана POS-терминалдарды колдонуу менен мобилдик операторлорго, Интернет-провайдерлерге, ТВ жана башкаларга;
  • банкоматтар жана POS-терминалдар аркылуу картадан картага акча которууларды жүргүзүүгө;
  • эмгек акыны жана башка келип түшө турган акчаларды алууда картаны колдонуу.

Кошумча кызматтар:

  • Банктын каалаган бөлүмүнөн кызматкердин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү үчүн кошумча карталарды ачуу мүмкүндүгү.
  • Интернет-банкинг системасы аркылуу эсептерди көзөмөлдөө мүмкүндүгү.
  • Банктын Call-борбору аркылуу пластикалык карталарды колдонуу маселелери боюнча карталарды кармоочуларга оперативдүү консультациялык колдоо көрсөтүү.

Элкарт төлөм картасы боюнча корпоративдик карталар үчүн тейлөө тарифтери

Банкоматтар, терминалдар