ВTB Kassa
BTB Kassa — бизнесиңиз үчүн онлайн-касса
BTB Kassa — кассалык операцияларды автоматташтыруу жана төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн заманбап чечим. Программалык контролдук-кассалык машина (ККМ), кеңири таралган төлөм ыкмалары жана кассирдин ишин жеңилдетүүчү керектүү инструменттер бир тиркемеге бириктирилген.
Сервис POS-терминалдарда жана мобилдик түзмөктөрдө иштеп, соода түйүндөрүндө жана ишкердик жүргүзүлгөн башка жайларда кардарлардан төлөмдөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берет.
BTB Kassa Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берет жана программалык ККМди салык органдарына барбастан, онлайн каттоого мүмкүндүк берет. Бардык эсептешүү операциялары автоматтык түрдө фискалдаштырылып, фискалдык маалыматтар белгиленген талаптарга ылайык өткөрүлүп берилет.
BTB Kassaнын артыкчылыктары
- Жөнөкөй каттоо — программалык ККМди салык органдарына барбастан онлайн каттоо.
- Төлөмдөрдү кабыл алуунун ыңгайлуу жолдору — QR-код, банктык карталар, накталай акча жана e-commerce (UPI карталары аркылуу) менен төлөмдөрдү кабыл алуу.
- Электрондук чектер — фискалдык чектерди түзүү жана кардарларга жөнөтүү.
- Кассалык нөөмөттөрдү башкаруу — кассалык нөөмөттөрдү ачуу жана жабуу.
- Төлөмдөрдү кайтаруу — кайтаруу операцияларын тез тариздөө.
- Кассалык отчеттуулук — X жана Z отчетторун түзүү.
- Операцияларды көзөмөлдөө — сатуулардын тарыхын жана төлөмдөрдүн статусун көрүү.
Лоялдуулук системасы менен кошумча мүмкүнчүлүктөр
BTB Kassa «Бай-Тушум» Банкынын лоялдуулук системасы менен интеграцияланган. Бул бизнеске жаңы кардарларды тартууга, кайталап сатып алууларды стимулдаштырууга жана туруктуу кардарлардын лоялдуулугун жогорулатууга жардам берет.
Төлөм жүргүзүлгөн учурда система лоялдуулук программасынын шарттарына ылайык арзандатууларды, кэшбэкти жана бонустарды автоматтык түрдө эсептейт, ошондой эле купондорду эске алат.
Кошумча мүмкүнчүлүктөр:
- сатууларды тез тариздөө үчүн товарлар каталогу режиминде иштөө;
- кардарларды телефон номери аркылуу идентификациялоо;
- сатуулар боюнча аналитика жана статистика.
BTB Kassaга кантип кошулууга болот?
Сервисти кошуу бир нече жөнөкөй кадамдан турат:
- «Бай-Тушум» ААКтын жакынкы филиалына кайрылыңыз.
- Тейлөө боюнча келишим түзүңүз.
- BTB Kassa тиркемесине кирүү мүмкүнчүлүгүн алып, тиркемени жөндөңүз.
- Төлөмдөрдү кабыл алып, кассалык операцияларды жүргүзө баштаңыз.
BTB Kassa — төлөмдөрдү кабыл алуу жана кассаны башкаруу үчүн бардык керектүү мүмкүнчүлүктөр бир тиркемеде. Сиз үчүн ыңгайлуу, кардарларыңыз үчүн жөнөкөй!

