Сагындыков Жаркынбек Жумабаевич

Башкарманын төрагасы

19 жыл стажы бар банкир, анын ичинен 17 жыл жетектөөчү кызматта жана 10 жылдан ашык ири банктардын Башкармасында иштеген.

Эки жогорку билими бар:
Кыргыз-Россия Славян Университети, Табигый-техникалык факультети (артыкчылык диплому). Ош технологиялык университети, Экономика факультети (артыкчылык диплому). Жаркынбек Жумабаевич Сагындыков эмгек жолун 2005-жылы валюта бөлүмүнүн стажеру болуп баштаган, андан ары Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Микро жана чакан каржылоо» программасы боюнча «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААКнын микрокредиттөө бөлүмүнө которулган жана эки жылда филиалдын Микро жана чакан каржылоо секторунун башчысы болгон.

Андан ары 2008-жылдын июнунан 2011-жылдын августуна чейин «ЮниКредит Банк» ААКнын Филиалынын директорунун орун басары, 2011-жылдын октябрынан – 2013-жылдын августуна чейин «Бакай Банк» ААКнын Кредиттөө башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.

2013-жылдын сентябрынан тартып «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААКда Кредиттөө башкармалыгынын начальниги, Башкарманын Төрагасынын орун басары, Башкарманын Төрагасынын биринчи орун басары кызматынан Башкарманын Төрагасына чейин иштеген, аны 2023-жылдын мартына чейин жетектеген.

2023-жылдын июнь айынан тартып «Бай-Тушүм» Банкы ААКнын Башкармасынын Төрагасынын кеңешчиси болгон жана 2024-жылдын июнунан тартып «Бай-Түшүм» Банкы ААКнын Башкармасынын Төрагасы кызматын ээлейт.

 

«САР» Сертификатталган бухгалтер – практик жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Микро жана чакан каржылоо программасынын эл аралык сертификатына ээ.

Банк системасын өнүктүрүү жаатындагы көп жылдык ак ниеттүү жана жемиштүү эмгеги үчүн Кыргызстандын Банктар бирлигинин «Ыраазычылык каты» жана «Ардак грамотасы» менен сыйланган.

 

Шамкеев Уланбек Анарбекович

Банк Башкармалыгынын Төрагасынын биринчи орун басары 

Шамкеев Уланбек Анарбекович банк тармагында 30 жылдан ашык жетекчи кызматтарда иш тажрыйбасына ээ. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп-экономика факультетин, 1996-жылы юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Уланбек Шамкеев эмгек жолун АКБ Кыргызстан Банкынын валюталык кредиттөө жана соода операциялары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп баштаган. Андан кийин ар кандай банктарда жооптуу кызматтарда иштеген. Ал АКБ Кыргызстан Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары болуп иштеген мезгилде ЕРƟБ (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы) микро жана чакан каржылоо программасын ишке ашыруу боюнча долбоорду жетектеген.

«РСК Банк» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын биринчи орун басары катары Уланбек Шамкеев бардык мамлекеттик кредиттөө программаларын, анын ичинде айыл чарба, энергетика жана өнөр жай программаларын (ФСХ, ФЭИП, ФСП) ишке ашырууга активдүү катышкан. Ал ошондой эле жөнгө салуучу органдар жана башка каржы институттары менен тыгыз кызматташкан.

Уланбек Шамкеев «АКБ Кыргызстан» ААК жана «Күнтуу» ААК Директорлор Кеңештерин жетектеген. Ал ошондой эле Кредиттик маалыматты пайдалануучулардын Ассоциациясынын юридикалык жактар Бирикмесинин Директорлор Кеңешинин узак мөөнөттүү мүчөсү болгон. Уланбек баалуу кагаздар рыногун уюштуруу жана иштетүү, AAOIFI шарият стандарттары боюнча ислам банкинги, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүү сыяктуу түрдүү багыттар боюнча окуудан өтүп, сертификат алган.

2023-жылдын июнь айында Шамкеев Уланбек Анарбекович «Бай-Түшүм» Банкы ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.

Канивец Сергей Владимирович

Банк Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары

Сергей Канивец маалыматтык технологиялар, маалыматтык коопсуздук, тобокелдиктерди башкаруу тармагында 25 жылдан ашык тажрыйбага жана банк секторунда бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана модернизациялоо жана банктык процессинг системаларын куруу боюнча жыйырма жылдан ашык тажрыйбага ээ.

2000-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин «Компьютердик комплекстер, системалар жана тармактар» адистигин бүтүргөн.

Сергей Канивец эмгек жолун такшалуудан баштап, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында IT-менеджерге чейин баштап, Улуттук банктын жана өлкөнүн банк тутумунун керектөөлөрү үчүн ар кандай автоматташтырылган системаларды иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө катышкан. Сергей Канивец маалыматтык коопсуздукту, маалыматтык банк тутумдарды түзүүгө «Кыргыз инвестициялык банкы» ЖАКсында, «ФинансКредитБанк» ААКсында, «Цеснабанк» АКсында (Казакстан, Астана) IT директор / маалыматтык коопсуздук боюнча директор катары олуттуу салым кошкон. «Кыргыз Республикасынын Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКта (КР БПБ) Сергей Канивецтин жетекчилиги астында тобокелдиктерди башкаруу жана маалыматтык коопсуздук системасы курулуп, Elkart Mobile мобилдик тиркемесинин долбоору иштелип чыккан.

Сергей Канивец төмөнкү багыттар боюнча кошумча окуудан жана сертификациядан өттү: маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасы, тобокелдиктерди башкаруу, IT-менеджмент жана маалыматтык системалардын аудити, банктык карталардын негизиндеги төлөм системалары, жалпы менеджмент жана долбоорду башкаруу.

Курманбаев Дастан Жыргалбекович

Банк Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары

2004-жылы Кыргыз-Россия Славян Университетин “Финансы жана кредит” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 2005-жылы «Инэксимбанк» ЖАКда (БТА Банк ЖАК) баштаган, бул жерде стажердон филиалдын директоруна чейин жеткен, андан кийин Чакан жана орто бизнес башкармалыгынын начальниги болгон. 2012-жылдан 2013-жылга чейин «Бай Түшүм Микрофинансылык Банк жана Өнөктөштөр» ЖАКнын Бишкек филиалында аймактык менеджер болуп иштеген. 2013-жылдан тартып «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы» ААКда Кредиттөө башкармалыгынын начальниги, Кредиттөө департаментинин директору жана Кредит иши боюнча Башкаруучу директор катары иштеген, ал эми 2021-жылдын мартында «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы» ААК Башкармасынын Төрагасынын орун басары кызматына дайындалган, кредиттик ишти жана ислам принциптери боюнча каржылоону өнүктүрүүнү жетектеген.

2024-жылдын июнь айынан тартып «Бай Түшүм » Банкы ААК Башкармасынын Төрагасынын орун басары болуп саналат, кредиттик ишти жана ички контролдоо бөлүмүн тескейт.

Дастан Курманбаев төмөндөгү чөйрөлөрдө окуудан өткөн жана сертификаттарга ээ: ЕРӨБ алдындагы Микро жана Чакан каржылоо программасы; Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосундагы IRADA программасынын алкагында ислам каржылоосу  – Khartoum, Sudan; AAOIFI Шариат стандарттары боюнча ислам каржылоосу; Террористтик ишти каржылоого жана акчаны адалдоого каршы аракеттенүү.