Соода каржылоосу

Бай Түшүм» Банкы эл аралык соода ишинде эсептешүүлөрдү камсыз кылууда активдүү пайдаланылып жаткан документардык операцияларды: аккредитивдерди жана кепилдиктерди колдонууну сунуш кылат. Мунун негизги максаты-экспорттук-импорттук иштерди жүргүзүүдө пайда болушу ыктымал тобокелдиктерден компанияларды коргоо.

«Бай Түшүм» Банкы Бүткүл дүйнөлүк  банктык тармакта  ар кандай документардык иштерди тастыктоону камсыздоо үчүн дүйнөнүн 23 өлкөсүндөгү 100 эмитент-банк кирген  сооданы өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүчү ЕБРРдин Trade Facilitation Programme программасынын катышуучусу болуп саналат.

 Соода каржылоосунун артыкчылыктары:

  • Каржылоонун башка формаларына караганда арзан
  • Товардын келбей калуу/ же ылайык келбеген товардын келип калышы сыяктуу тобокелдиктерге натыйжалуу каршы турууга мүмкүнчүлүк түзөт
  • Алдын-ала төлөөлөрдө  мүмкүн болуучу окшоштуруп жасоолордун/ алдамчылыктын  болушун кескин кыскартат
  • Резидент жана резидент эмес Банктар менен насыялык тажрыйбаны/тарыхты иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт
  • Өздүк каражатты натыйжалуу башкарууда алкактуу шарттарды түзөт
  • Чарбалык ишмерчиликте келишим түзүмдөрүн иштеп чыгууда жана каржылоонун ыкмаларын колдонууда  ийкемдүү алкактык шарттарды түзөт

Кардарларды тейлөөдө акысыз кеп-кеңеш берүү каралган, анын ичине Банктын кызматкеринин чет элдик өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөргө катышуусу, банктык тейлөөлөрдүн  болжолдуу баасын жана операцияларды жүргүзүүнүн мөөнөтүн   эсепке алуу менен келишимдердин схемасын даярдоо да кирет.

Экспорт жана импорт үчүн актуалдуу

Эгерде сиздин компанияга чет элдик товарларды жана тейлөөлөрдү алуу үчүн насыя акча каражаты керек болсо, сиздин ишканаңыз капиталды көп керектеген товарларды, тейлөөлөрдү жана сырьелорду  экспорттосо же импорттосо, анда сизге төмөнкүлөр керек:

– постфинансылоо менен  аккредитивдер жана дисконтирлөө менен төлөө мөөнөтүн узартуу, «стэндбай» аккредитивдери

Документардык аккредитив (Documentary Letter of Credit [L/C]) – бул «Бай Түшүм» Банкы өзүнүн КАРДАРЫНЫН (импортердун/сатып алуучунун/  аппликанттын) тапшыруусу боюнча товарды жүктөп жөнөтүүнү же жумуштарды аткарууну/тейлөөлөрдү көрсөтүүнү күбөлөндүргөн документтерге каршы   САТУУЧУГА (экспортерго/бенефициарга) төлөмдү аткаруунун милдеттенмесин өзүнө алган эсептешүүлөрдүн формасы.

Банк ушул эле учурда бир катар операциялар аткарылгандaн кийин өзү аркылуу төлөмдөр жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу сатып алуучу менен сатуучунун ортосунда ортомчу катары иш алып барат.

–  кепилдиктер

Банктык кепилдик (Bank Guarantee) – насыячы тарапка анын өтүнүчү боюнча насыя берүүчүнүн акча суммасын төлөө жөнүндөгү банктын кат жүзүндөгү милдеттенмеси. Коюлган талапта же анын тиркемесинде, өтүнүчү боюнча кепилдик берилген жактын, камсыз болуусу кепилденген негизги милдеттенменин, каталыгы эмнеде экендигин  насыячы көрсөтүүгө тийиш.

Банк чыгарып жаткан банктык кепилдиктердин негизги түрлөрү:

  • Төлөм кепилдиги;
  • Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу кепилдиги;
  • Аванстык төлөмдү кайтаруунун кепилдиги;
  • Сапаттын кепилдиги;
  • Тендердик кепилдик

Бизнес кардарлар үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендери, тарифтери, жана комиссиялары

Соода каржылоосу жөнүндөгү суроолор  боюнча (312) 905 805 телефонуна кайрылсаңыздар болот.