«Бай Түшүм» банкы банктардын арасынан эң алгачкы болуп, электрондук акчанын жардамы менен төлөм опрерацияларын жүргүзүүгө банктык кошумча лицензияны алды

11.11.2015

«Бай Түшүм» банкы 2015-жылдын  3-ноябрында Кыргыз Республикасындагы банктардын арасынан эң алгачкы болуп, электрондук акчанын жардамы менен төлөм опрерацияларын жүргүзүүгө банктык кошумча лицензияны алды. Бул лицензияны алуу Кыргызстандын калкына соода жайлары жана Интернет тармагы аркылуу электрондук капчыкты пайдалануу менен ар кандай товарлар, тейлөөлөр үчүн  төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Банктын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева: «Электрондук акчанын жардамы менен төлөм операцияларын жүргүзүүгө банктык  лицензияны алгандыгыбыз «Бай Түшүм» банкына Кыргызстандын калкынын финансылык тейлөөлөргө оңой  жетишине жана калкты финансылык жактан камтууну кеңейтүүгө өбөлгө болмокчу. Бул банктык тейлөөлөрдү өнүктүрүүдөгү жаңы жана алда канча келечектүү багыт. «Бай Түшүм» банкы банктык кошумча лицензияны алуу менен электрондук капчыктарды жана интернет-банкинг жана төлөм карталары  аркылуу төлөм операцияларын жүргүзүү үчүн дистанциялык каналдарды банктагы эсепке байланыштырууну мерчемге алууда.

«Бай Түшүм» банкы төлөм тармагынын оператору катары «mobilnik.kg» («Мобильник» ЖЧК) мобилдик капчыгы менен биргеликте электрондук акча каражатына эмиссия жүргүзүүнү көздөп турат. Электрондук  акчаны пайдалануунун  негизги артыкчылыгы болуп, жалпы Кыргызстан калкынын накталай эмес төлөөлөргө жетишинин оңой жолу жана операцияларды тейлөө акысынын төмөн болушу эсептелет.

Электрондук акчаны пайдалануу үчүн мобилдик телефонго атайын тиркемени жүктөп алуу  жана банктын бардык төлөм терминалдары же банктын офиси аркылуу өз эсебиңизди толтуруп туруу керек.