«Бай-Түшүм» Банкы социалдык ишмерчилик багытындагы айкындуулугу жана жоопкерчилиги үчүн  «STAR Таануусун» алды

05.06.2015

«Бай-Түшүм» Банкы социалдык ишмерчилик багытындагы айкындуулугу жана жоопкерчилиги үчүн «STAR Таануусу» алган  Кыргызстандагы  эң алгачкы жана азырынча жалгыз банк болуп калды.

Бул сыйлык социалдык багыттагы ишмерчилиги боюнча толук маалымат бергендиги үчүн микрофинансылык жана банктык уюмдарды колдоо максатында глобалдуу эл аралык MixMarket  платформасы тарабынан түзүлгөн.

«Бай-Түшүм» Банкы өз ишмерчилигинин алкагында өз ара ишенишүү жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү аркылуу кардарлардын кызыкчылыгын ар дайым башкы орунга коюп келет. Бизге берилген бул сыйлык «Бай-Түшүм» Банкынын социалдык багытты көздөгөндүгүн дагы бир жолу далилдеп отурат”, –  деп белгиледи «Бай-Түшүм»  Банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

«Бай-Түшүм» Банкы  социалдык багытты көздөгөндүгү боюнча эл аралык рейтингди аныктоочу  агентстволордун абройлуу банк катары таануусуна жана алардын атайын сыйлыктарына дайыма татыктуу болуп келет.

2014-жылы «Бай-Түшүм» Банкы өз ишмерчилигинде кардарлардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоонун 7 принцибин, 30 стандартын жана 95 индикаторун ишке ашырып жаткан  жана ал талаптарга толук дал келген  уюм катары  SMART Campaign тарабынан расмий таанылган. Мындан тышкары Банк КИВА Фондунун бардык алты номинациясынын ээси болуп саналат. Бул “Сактоолуктарды түзүү”, “Жакырчылык менен күрөшүү”,“Үй-бүлөдөгү жана коомдогу мүмкүнчүлүктү кеңейтүү”, “Ишкерликти колдоо”, «Инновация» жана “Кардардын кызыкчылыгы” аталыштагы социалдык-жоопкерчиликтүү финансылоону турмушка ашырууда жетишкен ийгиликтеринин жана жогорку компетенциясынын эң сонун далили.