«Бай-Түшум» банкы Азия өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасындагы кичи, чакан жана орто бизнести насыялоону өнүктүрүү үчун 10 млн. АКШ доллары көлөмүндө  менен макулдашууга кол койд

22.10.2015

„Мобилдүү банктык продуктуларды өнүктүрүү үчүн техникалык жардамдар менен кошумчаланган насыя экономикалык маанилүү сектордогу өнүгүүгө жакшы шарт түзмөкчү, – деп айтты Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялар боюнча башкы адиси Мониша Германс.- Жетүүгө татаал болгон алыскы аймактардагы чакан бизнестин өкүлдөрүнө финансылык тейлөөлөгө жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү өтө маанилүү, мындай жаңы ыкмаларды мобилдүү телефондор сунуш кылышууда».

Кыргыз Республикасында калктын үчтөн эки бөлүгү айыл жерлеринде жашашат, айылдарда бир чарчы чакырымга калктын жыштыгы 27 эле адамды түзөт жана көпчүлүк адамдардын банкта эсептери жана банктык тейлөөлөргө жетүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошол эле учурда мобилдик байланыш тармагы бүткүл өлкөнү кучагына алган жана көпчүлүк үй-бүлөлөрдө мобилдик телефондор бар.

«Бай Түшүм» банкына берилген бул жардам кичи, чакан жана орто бизнести мобилдик телефон байланышын колдонуу менен каржылоого жана финансылык тейлөөлөрдү өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп, муну менен алыскы аймактарды да тейлөөгө алуунун ыңгайлуу шарты пайда болууда.

-Бул кызматташуу алыскы аймактардагы калкты финансылоого тартууну кеңейтүүгө өбөлгө болмокчу, а мобилдик банкингди колдонуу бүгүнкү күндө кичи, чакан жана орто бизнес үчүн маанилүү болгон финансылык чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк берет, – деп белгиледи «Бай Түшүм» банкынын башкы менеджери Гулнара Шамшиева.

Азия өнүктүрүү банкынын ишмерчилиги калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарына дал келген экономикалык өнүгүү аркылуу Азия-Тынч океаны аймагында жакырчылыкты кыскартууга, экологиялык туруктуулукка жана аймактык интеграцияга багытталган. Азия өнүктүрүү банкы (АБР) 1966-жылы негизделген, анын түзүмүндө 67 мүчө-мамлекет бар, 48 мамлекет ошол аймактын өзүндө жайгашкан. АБРдин штаб-квартирасы Филиппинде, Манила шаарында жайгашкан. 2014- жылы АБРдин жардамы 9,2 млрд. АКШ доллары өлчөмүндөгү кошумча финансылоону кошуп эсептегенде 22,9 млрд. АКШ долларын түзгүн.