«Бай-Түшүм» Банкы жана KyrSEFF программасы Түркиянын знерго сарамжалдуулук боюнча тажрыйбасын үйрөнүштү

23.03.2015

2015-жылдын 15-мартынан баштап 20-мартына чейин «Бай-Түшүм» Банкынын кызматкерлери жана KyrSEFF командасы программанын башка да өнөктөш банктарынын өкүлдөрү менен биргеликте (KICB, Demirbank, FINCA) Түркия Республикасынын знергосарамжалдуулук боюнча тажрыйбасын көрүп, үйрөнүп келишти. Түркияда 2010-жылдан бери так ушундай TurSEFF программасы ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Түркия Республикасында энергонатыйжалуулукту жогорулатуу маселеси өтө курч маселе болуп эсептелет. Өздөрүндөгү энергоресурстардын таңсык экендигине карабастан, Түркия альтернативдүү экологиялык таза энергетиканы өнүктүрүүгө зор кубаты бар. Жаңыланып туруучу энергобулактарын өнүктүрүү жана кеңейтүү, мамлекеттик деңгээлде атайын тариф түзүү сыяктуу маселелерди камтуу менен экономикалык жана мыйзамдык алкактар аркылуу колдоого алынат. Мамлекет жаңыланып туруучу энергобулактарын (ВИЭ)  пайдалануунун эсебинен ишканалар чыгарган энергияны  өндүрүүчүлөр үчүн пайдалуу болгон баада сатып алат. Ушул себептүү Түркияда шамал жана күн станцияларынын саны өсүп бара жатат, биогаз иштеп чыгаруу жана геотермалдык  энергияны пайдалануу боюнча долбоорлор ишке киргизилүүдө. Буга KyrSEFF программасынын жана өнөктөш банктардын өкүлдөрү бир катар өндүрүш обьекттерине, күнөсканаларга, биогаз жана күн фотоэлектр станцияларына барып өз көздөрү менен көрүп,  ишеништи.

 Акыркы жылдарда Түркиянын көпчүлүк өндүрүүчүлөрү энергоэффективдүү заманбап технологияларды чыгарууга өтүштү. Жылуулукту сактоочу жана күн панелдерин чыгарууга адистешкен Ode и Csun сыяктуу компаниялар бүгүнкү күндө дүйнөлүк масштабга чыгышты. Өндүрүш процесси учурунда ишканалар энергосарамжалдуулук саясатын карманышат, ушундан улам Ode компаниясы TurSEFF программасынын колдоосу астында жаратылыш газын пайдалануу менен когенерациондук тармакты орноткон, бул тармак  өз керектөөсүнүн 70 пайызын жаба турган  электр жана  ушундай эле сандагы жылуулук энергиясын иштеп чыгарат.

Электр энергиясынын негизги керектөөчүлөрү өнөр жай обьекттери экендиктерин эске алуу менен мамлекет алар үчүн атайын индустриалдык аймактарды аныктаган. Мындай аймактардын бири болгон Gebze Guzellerе биздин Кыргызстандан барган делегация барып көрүштү. Мында жайгашкан ишканалар өнүгүү үчүн ыңгайлуу болгон бардык шарттар менен максималдуу түрдө камсыз болушкан, алар үчүн документ толтуруу схемалары жөнөкөйлөштүрүлгөн, электр энергиясын колдонгондугу үчүн акы төлөө да жеңилдетилген. Gebze аймагында 500кВт кубаттуулуктагы күн фотоэлектр станциясы иштейт, (акча каражаты TurSEFF аркылуу алынган). Өндүрүлгөн электр энергиясы электр тармагына кабыл алынат. Буд обьект күн энергиясын пайдалануу менен «акча иштеп табуунун» эң сонун үлгүсү болуп эсептелет.

TurSEFF багыты боюнча тазалоочу курулуштарда энерго натыйжалуулукка жана энерго сарамжалдуулукка өзгөчө көңүл бурулат. Мындай долбоорлор жаңыланып туруучу энергобулактарын жана суунун өткөргүч касиетинин жардамы менен алынуучу электр энергиясын компаниялардын керектөөлөрү үчүн пайдаланууну жана аны сатууну көздөшөт.

Энергонатыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууда Түркиянын коммерциялык секторунун тажрыйбасы өзгөчө пайдалуу болду. TurSEFF программасынын өнөктөшү-Vakifbank кардарлар менен иштешүүдө жаңыланып туруучу энергобулактары (ВИЭ) боюнча долбоорлорду алга жылдырып, энерго натыйжалуулуктун мыкты стандарттарын сунуш кылат. Vakifbank энергосарамжалдуу технологияларды коюучу компаниялар-поставщиктер менен өз ара бекем мамилелерди түзүп алган. Алар TurSEFFтин насыялык колдоосу астында энергосарамжалдуу жабдуулар түрүндө калкка займ беришет. Финансылоонун мындай ийкемдүү схемасы энергонатыйжалуулук боюнча долбоорлорду турмушка кеңири ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп, коммерциялык жана жеке сектордун энергосарамжалдуулукка умтулгандыгынын дагы бир көрсөткүчү блуп эсептелет.

KyrSEFFтин өнөктөш банктарынын өкүлдөрү Vakifbank банкындагы кесиптештери менен жолугушуу учурунда энергосарамжалдуулук багытындагы долбоорлорду натыйжалуу финансылоо боюнча маселелерди талкуулашты жана Кыргызстанга келгенден кийин энергосарамжалдуулук багытындагы финансылык тейлөөлөрдүн спектрин кеңейтүүнү болжошууда. Мында негизги басым энергонатыйжалуу материалдарды жана тейлөөлөрдү сунуштаган компаниялар-поставщиктерге, жаңыланып туруучу энергобулактарын (ВИЭ) пайдалануучу долбоорлорго коюлат.

Мына ушундай негизде Түркиянын энергонатыйжалуу тажрыйбасы энергияга аяр мамиле жасоонун маданиятын жайылтууну көрсөттү. Түркиянын шаарлары менен айылдарынан чатырларына күн коллекторлорун орнотуп алышкан көптөгөн үйлөрдү көрүүгө болот. Бардык жерде жарандардын/жашоочулардын жана ишкерлердин энергосарамжалдуулукка умтулган майда, бирок маанилүү иш-аракеттерин байкоого болот. Жолдорунда көмүр кычкыл газын аз санда бөлүп чыгара турган гибриддүү автоунааларды колдонуу басымдуулук кылат, мейманканаларда жана башка жайларда электр менен камсыздоону өчүрө туруу үчүн борбордоштурулган карточкалык түзүмдү колдонушат.

Биз боордош түрк элинин ийгиликтүү тажрыйбасын өзүбүздө пайдаланууга жана күнүмдүк турмушубузда энергосарамжалдуулук принциптерин колдонууну баштоого мүмкүнчүлүгүбүз бар.