Жаңылыктар

01.08.2011

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК Кыргызстандагы эң биринчи микрофинансылык уюмдардын арасынан депозттик лицензиясын алган

Кыргызстанда 10 жылдан ашык убакыттан бери өз иш-аракетин жүргүзүп келе жаткан «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы компаниясы  2011-жылдын 15-июлунда депозиттик линиясын алган биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. Кыргызстандагы микрофинансылоо башынан эле жакырдыкты жоюуга жана жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү боюнча курал катары таанылса, бүгүнкү күндө аманаттарды кабыл алуу сыяктуу маанилүү продуктту ишке киргизүү менен өзүнүн динамикалык өнүгүүсүнүн

30.07.2011

«Бай-Түшүм» Финансылык тобу лизингдик долбоордун чегинде жалпы суммасы 560 миң. евродон ашык лизингдик бүтүмдөрдү каржылады

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин жана Германиянын жеке менчик бизнесинин өкүлдөрүнүн жана Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомчулугунун (GiZ) ортосундагы кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлгандан кийин, «Бай-Түшүм» Финансылык тобу жана Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомчулугунун (GiZ) демилгеси менен «Бай-Түшүм» Финансылык тобу лизингдик долбоордун чегинде жалпы суммасы 560 миң. евродон ашык лизингдик бүтүмдөрдү каржылады.

29.07.2011

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК Нарын шаарынын рынокторунда жакында болуп өткөн өрттөн жапа чеккен насыя алуучуларга насыяларды реструктуризациялоо тууралуу чечимин кабыл алды

«Береке» жана «Мукаш-Ата» рынокторунда болуп өткөн өрттөн кийин «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК  жапа чеккен насыя алуучулардын финансылык абалын кылдат изилдөө боюнча иштерди жүргүздү.  Тамак-аш продуктыларын, жашылчаларды, эт, сүт жана башка товарлар менен соода жүргүзгөн, Компаниянын 18 насыя алуучулары рыноктордогу өрттөн жапа чеккен кардарлар 1,5 млн. сомго жакын суммадан зыян тартышкан.

12.07.2011

Жеке менчик компанияларды жана ишкерлерди насыялоо үчүн «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы компаниясына 270 миллион сом бөлүндү

Өлкөдө алдыңкы банктык эмес микрофинансылык мекеменин бири болуп саналган, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФКга 270 млн. сом (АКШнын 6 млн. долларына жакын) өлчөмдө насыя берүү аркылуу ЕБРР Кыргыз Республикасынын финансылык секторуна колдоо көрсөтүүнү улантууда.

11.07.2011

Кыргызстандын Президентинин патронажынын алдында өткөрүлгөн, микрофинансылоо боюнча Борбордук Азиялык саммитине «Бай-Тушум жана Партнерлор» компаниясы демөөрчү болуп чыкты

7-июлда Кыргызстанда микрофинансылоо боюнча Борбордук Азиялык Саммити өттү, анда демөөрчүлөрдүн бири болуп,  «Бай-Тушум жана Партнерлор» компаниясы чыкты. Саммитте Кыргызстандан, Тажикстандан, Россиядан, Монголиядан, Казахстандан, Белоруссиядан, АКШдан жана Европа өлкөлөрүнөн консультанттар-практиктер, инвесторлор, донорлор жана алардын өкүлдөрү активдүү катышышты. Саммиттин уюштуруучулары болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы, Микрофинансылык уюмдардын Ассоциациясы, ошондой эле  «Uniglobal» чех компаниясы

04.07.2011

Компания, Кыргыз Республикасынын Чукул кырдаалдар Министрлигине караштуу Талас областынын өрт коопсуздук бөлүмүнө демөөрчүлүк жардам көрсөттү

Бишкек шаарында өтүп жаткан өрт-прикладдык спорт боюнча республикалык чемпионатында бөлүмдүн катышуусуна байланыштуу Компания,  Кыргыз Республикасынын Чукул кырдаалдар Министрлигине караштуу Талас областынын өрт коопсуздук бөлүмүнө демөөрчүлүк жардам көрсөттү.  Компания чемпионаттын катышуучулары үчүн спорттук формаларын сатып алуу үчүн акча каражаттарды бөлүп берди жана транспорттук чыгашаларын төлөдү.

03.06.2011

Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Компания бүтүндөй Республика боюнча балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернттарында кайрымдуулук акцияларын өткөрдү

Компаниянын туруктуу иштеген кайрымдуулук программасынын чегинде, балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Компания бүтүндөй Кыргызстан боюнча кайрымдуулук акцияларын өткөрдү. Ош шаарындагы сокур жана начар көргөн балдар үчүн Атай жалпы билим берүү мектеп-интернатынын жана Каракол шаарындагы областтык Балдар ооруканасын оңдоо иштери үчүн курулуш материалдары сатылып алынды жана аларга берилди, уюштурулган телемарафондун чегинде Жалал-Абад шаарынын  Психоневрологиялык үй-интернатынын