Жакшы жаңылык: VISA Electron картасынын чыгарылышы жана тейлөөнүн биринчи жылы -акысыз

27.09.2016

Урматтуу кардарлар,

Жакшы жаңылыкты кабарлоого ашыгабыз: айлык маяна долбоорлорунун алкагында VISA Electron картасынын чыгарылышы менен анын биринчи жылындагы тейлөөсү акысыз болмокчу.

VISA Electron картасы менен болсоңуз, анда сизге ар күнкү эсептешүүлөр үчүн накталай акчаны алып жүрүүнүн кажети жок. Сиз сатып алууларды Бишкектин дүкөндөрүнөн жүргүзсөңүз да, же товарларды онлайн  аркылуу чет өлкөдөн алдырсаңыз  да,  VISA менен төлөө ыңгайлуу жана жеңил. Анан да карта коопсуздукту сактайт: Сиздин буйрутмаңыз болбосо, картаңызды жоготуп алсаңыз да акчаңыз эч убакта жоголбойт. Каттоодон өтүү үчүн биздин бардык офистерге  кайрылсаңыз болот.