«Бай Түшүм» Банкы –КИВА Фондусунун Кыргызстандагы жалгыз Өнөктөшү

10.09.2016

«Бай Түшүм» Банкы 6 жылдан ашуун мезгилден бери Кыргызстандагы финансы-кредиттик мекемелердин арасынан КИВА Фондусунун жалгыз өнөктөшү болуп саналат.

КИВА Фондусу менен Банктын өз ара кызматташуусу жөнүндөгү макулдашуусуна  2010-жылдын июнь айында кол коюлган.   Андан бери өткөн узак убакыттын аралыгында жалпы суммасы 8,6 млн. ашуун АКШ долларын түзгөн суммага    6 500 кардар каржыланды. Бул  КИВА Фондусунун бүткүл дүйнө жүзү боюнча 300 финансы-насыялык мекемелеринин жалпы каржылоосунун 1%ын түзөт!

«Бай Түшүм» Банкы насыялык чектөө/лимит/ боюнча КИВА Фондусунун бүткүл дүйнө жүзү боюнча эң ири өнөктөштөрүнүн жетилигине кирет. Банкка артыкчылыкты аныктаган 7 жылдыздын  6сы жана   насыялык кайтарымдын жогорку деңгээлин тастыктаган 6 жылдыздын 5,5 жылдызы ыйгарылган.  Бул фактылар жана долбоорлордун азыркы күндө да КИВА Фондусунун жеке инвесторлорунун арасында чоң талап коюлуп пайдаланылып жаткандыгы, «Бай Түшүм» банкынын таза кадыр-баркын, долбоорлордун ийгиликтүүлүгүн жана туруктуулугун далилдеп турат.

КИВА Фондусунун волонтеру Priya Singh «Бай Түшүм» Банкынын башкы офисинде өз ишине киришти.

Priya Singh, өзүнүн максаттары Банктын кардарлары менен жолугушуудан алган таасирлери жана  жалпы эле Кыргызстан жөнүндө.  

– Прия, Сиз өзүңүз жана кайдан келгендигиңиз жөнүндө айтып бериңизчи?

Priya: Мен Жаңы Зеландиядан болом, консалтинг жана аудит тармагында кызмат көрсөтүүчү аудитордук ири төрт компаниянын бири болгон   Deloitte компаниясында иштейм. Мен узак мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып, Кыргызстанга КИВА Фондусунун волонтеру катарында келдим.   Мен финансылык кеңеш берүү багытындагы өзүмдүн ишимди жакшы көрөм жана «Бай Түшүм» банкы менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө абдан кубанычтамын.

Сиз Кыргызстанга биринчи ирет келдиңизби?

Priya: Ооба, мен бул жерде биринчи ирет болуп жатам. Кыргызстан абдан кооз, ажайып өлкө экен, мен чоң таасир алдым. Силердеги тоолор менен көлдөр   ушунчалык кооз, сулуу экен. Бардык жерлерде мейманканаларды куруп, жолдорду салып коюшкан башка тоолуу мамлекеттерден айырмаланып,  Кыргызстандын жаратылышынын көп жерлерине кол тие электиги анын уникалдуулугу деп ойлойм.  Дагы белгилей кетким келет,  аялдардын укуктары, алардын кызыкчылыктары жана карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтсак, анда  Кыргызстан башка көп мамлекеттерге караганда алда канча прогрессивдүү мамлекет болуп саналат.

–   Сиз эмне себептен КИВА Фондусунун  волонтеру болууну чечтиңиз?

Priya: Мен микрофинансылоонун күчүнө чындап эле ишенгенимден, төрт жыл аралыгында  КИВА Фондусунун инвестору болдум.  Дүйнөдө ар кандай себептерден улам: насыялык тарыхы болбогондуктан, күрөөсү же билим деңгээли жетишсиз ж. б. болгондуктан   адамдарга финансылык тейлөөлөр  жеткиликтүү болбогон жерлер  көп. Өнүккөн өлкөлөрдөгү насыя берүүчүлөр /кредитор/ менен насыя алуучуларды  бириктирүү жана чакан ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү менен КИВА маанилүү ролду ойнойт. Мен КИВАда волонтер болууну чечтим, себеби менин финансылык тейлөө тармагындагы тажрыйбам КИВА үчүн баалуу боло алат деп ойлойм жана КИВА берип жаткан насыялардын аркасында  адамдардын  жашоо шарты өзгөрүп  жаткандыгын өз көзүм менен көргүм келет

– Кыргызстандыктар үчүн КИВА долбоору деген эмне, Сиз кандай деп эсептейсиз?

Priya:  Каржылоодогу негизги басым барынан мурда калктын социалдык аялуу катмарына коюлат: бюджеттен айлык алуучуларга, көп балалуу энелерге жана айылда жашагандарга. Негизинен аялдар каржылоого ээ болушат, алар үчүн мындай насыяларды алуу үй-бүлөсүн камсыз кылууга, балдарын багууга жана аларды окутууга  жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Кардарлар үчүн «Старттык бизнес» жана «Форс-мажор» сыяктуу жеңилдетилген продуктулар өзгөчө кызыктуу болуп саналат.   Насыянын суммасынан жылдык 5% кайтарым түрүндөгү бонус алуу биздин кардарлар үчүн жакшы жардам болуп саналаарын белгилей кетүү зарыл.  Кардарлар үчүн КИВА продуктуларынын пайдалуу экендигинин эң мыкты көрсөткүчү болуп, алардын кайрадан экинчи ирет кайрылуусу болуп эсептелет деп ойлойм.  Ыңгайлуу пайыздык чени жана насыяны өз убагында кайтарган учурдагы берилүүчү бонустар кардарлар үчүн жакшы жөлөк болуп берүүдө.

КИВА долбоорунун алкагындагы каржылоо программасынын катышуучусу болуу үчүн эмне кылуу кылуу керек, бул жөнүндөгү кеңири маалыматты төмөнкү ссылка боюнча алууга болот:  https://www.baitushum.kg/ru/retail-banking/loan-products/kiva-loans/