Ипотекалык насыялар кайрадан жеткиликтүү

30.09.2016

«Бай Түшүм» Банкы шаарларда жана облустук борборлордо ипотекалык насыяларды берүүнү кайрадан баштады. Бул Программа турак жайларды: батирлерди жана үйлөрдү сатып алууну каржылоону көздөйт.

Насыя 70%ы бүтүп калган шартта үйлөрдүн курулушун аяктоого да берилиши мүмкүн.  Ипотекалык насыя 5 жылдык мөөнөткө берилет жана анын суммасы 5 млн. сомго чейин жетиши мүмкүн. Баштапкы төлөмдүн өлчөмү 30%дык көлөмдө аныкталган.

Ипотекалык насыяны бүгүнтөн баштап эле Банктын бардык офистеринен алууга болот. Ипотекалык насыяны алуунун кеңири шарттары жөнүндө Сиздер төмөндөгү ссылка боюнча билип алсаңыздар болот: https://www.baitushum.kg/ru/retail-banking/loan-products/mortgage/ же байланыш борборуна: 312 905 805 телефонуна кайрылсаңыздар болот.