«Бай Түшүм» Банкынын Арзандатуулар Клубуна кошулуңуз

05.09.2016

Өзүңүздүн дүкөнүңүздө, салондо же кафеде «Бай Түшүм» Банкынын  POS-терминалын орнотуу менен кардарларды канткенде көбүрөөк тартууга болот? «Бай Түшүм» Банкынын Арзандатуулар Клубуна кошулуңуз!

Бүгүнкү күндө бул мүмкүнчүлүктөн биздин бир катар өнөктөштөрүбүз пайдаланып жатышат, алардын катарында: BestFeel  стоматологиялык клиникасы, GNH Salaam Namaste Indian Restaurant индиялык рестораны, Маленькая Италия химиялык тазалоочу жайы, «У дома»  маркети, «Виоланта»  сулуулук  салону жана башка көптөгөн өнөктөштөрүбүз бар.  Арзандатуулар Клубунун тармагында «Бай Түшүм» Банкынын Visa же  Элкарт карталарынын ээлери 3%дан 25 %га чейин арзандатууларды ала алышат, демек ишкерлердин-Клубдун мүчөлөрүнүн туруктуу кардарларынын саны да өсүүдө. Соода эквайринги тармагындагы биздин өнөктөш болуу менен, Сиз төмөндөгүдөй бир катар артыкчылыктарды ала аласыз:

 накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча кабыл алынган мыйзамга ылайык НСП салыгы боюнча-  2 %  арзандатуу,

 Кардарларды-төлөм карталарын кармоочуларды тартуу аркылуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү (18-23 %)

  Инкассацияга кетүүчү чыгымдардын жана тейлөө убактысынын кыскарышы

 Финансылык жоготуулар жана персоналдар кетирүүчү жаңылыштык тобокелдигинин төмөндөшү

 Жасалма купюрларды кабыл алуу, жоготуу же соода жайларында  акчаны уурдатуу ж.б.  тобокелдиктеринин төмөндөшү

 Кардарлардын лоялдуулугу

Кеңири маалымат алуу үчүн бизге телефон чалыңыздар: (312) 905 805.