Топтук насыя

“Бай-Түшүм” Банкы бир же бир нече жакын жайгашкан конуштарда жашаган, бизнеси же үй тиричилиги бар 2ден 7ге чейинки адамдардын тобуна биргелешкен милдеттенме боюнча насыяларды сунуш кылат. Насыялар соода, өндүрүш, кызмат көрсөтүү жана башка ишкердик максаттарды, ошондой эле мал чарбасын өнүктүрүүгө жана талаа өсүмдүктөрүн өстүрүүгө берилет.

  • Пайыздык чени – 28,5% * (арзандатуу – топтук насыянын негизги пайыздык ченинен 2,5%)
  • Эң төмөнкү сумма 10 000 сомду түзөт, топтун ар-бир мүчөсүнө 200 000 сомдон ашпашы керек
  • Мөөнөтү 3 айдан 24 айга чейин

KIVA линиясынын алкагында каржылоо өзгөчө төмөнкү категориядагы кардарларга сунушталат:

  • Экологиялык таза айыл чарба (минералдык жер семирткичтерди колдонбостон) жүргүзүү, күнөскана чарбачылыгын жүргүзүү, сүт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген ишкерлер
  • 3 же андан көп балалуу аялдар
  • Жалгыз бой энелер
  • Билим берүү жана медицина тармагындагы кызматкерлер (дарыгерлер, медайымдар, мугалимдер, тарбиячылар, тейлөө кызматкерлери)
  • Балдар үйлөрүнүн, интернаттардын, майып балдарды колдоо жана реабилитациялоо борборлорунун кызматкерлери

Насыянын күрөө шарттары, документтик талаптар, чектөөлөр негизги Топтук насыяга дал келет.

Жеке жактар үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендери, тарифтери, жана комиссиялары

* Эффективдүү пайыздык чен: сом менен 32,82% дан