Топтук насыялар

Топтук насыя: стартка, көңүл бургула, марш!

А сиз топтук насыя жөнүндө уккансызбы? Анын жакшы жагы эмнеде жана ал кимге сунушталгандыгын билгиңиз келеби? Элестетсеңиз: көп учурда болгондой эле, Сизде досторуңуз менен жөнөкөй абдан керемет старт-ап идеясы жаралды дейли. Мээ штурму өттү, бизнес-план да түзүлдү, жана жада калса ролдор дагы бөлүштүрүлдү. Иш эми кенедей нерседе калды: жаңы бизнести ишке киргизүү үчүн инвестицияны кайдан алуу керек? Капчыктарды төгүп кошуу – вариант эмес. Апам менен атамдан суроо – жакшы иш эмес го. Кошунаданбы – өзүнүн артыкчылыктары бар.

Банкка баруу керекпи? Жооп табылды! Бирок идея жалпы болгондон кийин жана аны биргелешип ишке ашыруу керектигинен улам, бул учурда насыяны топтук шериктештик жоопкерчиликке алган жакшы болот. Анан эч кандай күрөөсүз Сизге Сиздин идеяңызды ишке киргизүү үчүн 200 миң сомго чейин беришет. Топтук насыялар старт капиталына гана берилбейт эмеспи. Алар мурда иш алып барган соода-сатык жана кызмат көрсөтүү, өндүрүш, ошондой эле мал чарбачылыгы жана дыйканчылык чөйрөсүндөгү компанияларды өнүктүрүүгө берилишет.

«Бай-Түшүм» банкы мындай насыяларды 2ден 7 адамга чейинки, бизнеси же чарбасы бар, бир же бир нече жакын турган калктуу пункттарда жашаган топторго сунуштайт.

Насыяны тариздетүүнү чечүүдөн мурун, бардык «жакшы менен жаманды» салмактаңыз,ал эми эгерде кеп топтук насыя тууралуу болуп жатса, анда эсиңизде болсун, Сиздин топтогулар бири бирине ишенип жана колдоо көрсөтүүлөрү керек. Анткени сиздин жамааттын ичинен бир мүчөсү жаңылыштык кетирген учурда, жоопкерчиликти ар бири тартат. Бирок, экинчи тараптан, дайыма айтышат: бир акыл жакшы, ал эми экөө мыкты! Ошондуктан – алга! Ал эми биздин адистерибиз Сизге дайыма кеңеш берүүгө даяр.

Топтук насыяларды берүүнүн шарттары:

– пайыздык чени*: сомдордогу 29.9%;

– суммасы: 10 000ден 200 000 сомго чейин;

– насыялоо мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин;

– камсыздоосу: күрөөсүз, топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги.

Көңүл буруңуз! Насыяларды чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө жана туугандарга берүү караштырылган эмес.

Мында Сиз каалаган насыяны эсептей аласыз – калькулятор

Насыячыларга коюлуучу талаптар:

– 3 төн 7 адамга чейинки адамдар/жеке ишкерлер тобу;

– жаш курагы – 18ден 65 жашка чейин;

– документалдуу тастыкталган иштин же жеке ишкердиктин минимум 3 айлык мөөнөтүнүн бар болушу.

Негизги документтердин тизмеси:

– карыз алуучунун жана анын аялынын/күйөөсүнүн паспортторунун көчүрмөсү;

– үй-бүлөлүк абалы жөнүндө документтер;

– эмгек акы жөнүндө маалымкат (3 айдан кем эмес үзгүлтүксүз стажы), же болбосо жеке ишкердик ишинин 3 айлык тажрыйбасын тастыктоочу документтер;

– үй-бүлөнүн кирешесинин өлчөмүн тастыктоочу башка документтер (бар болгон учурда).

* эффективдүү  пайыздык чени: сом менен 37.70%  

Жеке кардарлар үчүн насыялардын пайыздык чендери, тарифтер жана комиссиялар

**Акыркы пайыздык чен өлчөмү жана төлөө графиги суралган суммага, насыянын мөөнөтүнө, кардардын төлөм жөндөмдүүлүгүнө, коюлган күрөөгө ж.б. жараша аныкталат. Сурооңуз боюнча Сиз сураган суммага жана жогоруда көрсөтүлгөн шарттарга жараша  сатуулар боюнча адис Сизге төлөө графигин сунуш кылат.