«Бай-Түшүм Банкынын» Башкы менеджери Аялдардын Биринчи Улуттук Форумунда доклад менен чыгып сүйлөдү

02.03.2015

Бүгүн Бишкекте бүткүл Республика  боюнча жана башка өлкөлөрдөн келишкен 1 000ден ашуун өкүлдөр катышкан Кыргызстан Аялдарынын биринчи Улуттук форуму ишин баштады.

Форум « Роза Отунбаеванын Демилгеси » Фонду жана социалдык өнүктүрүү Министрлиги тарабынан Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгына карата уюштурулган.

Форумдун максаты- Улуттук аялдар кыймылы менен диалог жана кызматташуу үчүн пайдубал түзүү болуп эсептелет, жаш кыздар менен аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн  аялдар менен  эр-жигиттердин биримдигин бекемдөө зарыл. Мындан ары да өнүгүүгө өбөлгө боло турган туруктуу өнүгүүнү жана демократиялык башкарууну бекемдөө гана  бүткүл өлкөбүздүн, Республикабыздын бардык жарандарынын жакынкы он жылдыкта өсүп-өнүгүшүнүн стимулу болмокчу.

«Аялдар жана ишкерчилик» конференциясынын алкагында  «Бай-Түшүм Банкынын» Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева «Кыргызстандагы микрофинансылоо: миф жана реалдуулук» деген темада доклад менен чыгып сүйлөдү.

Өзүнүн презентациясында Гүлнара Шамшиева Кыргызстандагы микрофинансылоонун өнүгүүсүнүн тарыхы жана  өзгөчөлүктөрү жөнүндө, ушул чөйрөдө түзүлгөн миф жана реалдуулук жөнүндө, бул сектордун мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү, жалпы калкыбыздын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жөнүндө кыскача айтып берди. Мындан башка да ал микрофинансылык уюмдардын ишмерчилигин жөнгө салууну жогорулатуу боюнча маанилүү сунуштарын, кеп-кеңешин берди.

«Роза Отунбаеванын Демилгеси » Фондунун маалыматы билдиргендей, бул иш-чара маанилүү үч датанын урматына арналып өткөрүлдү. 2015-жылы жалпы дүйнө жүзү аялдардын жана кыздардын абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын Пекин платформасынын кабыл алынышынын 20 жылдыгын, БУУнун Коопсуздук кеңешинин тынчтыкты, бейкут чыгармачылыкты жана конфликттерден кийинки абалды калыбына келтирүүдөгү аялдардын ордун жогору баалоо боюнча резолюциясынын кабыл алынышынын  15 жылдыгын  белгилейт. А бизде, Кыргызстанда болсо ушул жылы аялдар кыймылы өзүнүн 90 жылдыгын белгилеп жатат.

Форум өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдарды, бинес жана саясат чөйрөсүнүн, профсоюздардын, жумуш берүүчүлөрдүн уюмдарынын өкүлдөрүн, окумуштууларды, маданият ишмерлерин, журналисттерди бириктирди.