Кардарлардын көңүлүнө: уюлдук операторлордун атынан жасалган алдамчылык учурлары көбөйүүдө

13.05.2026

Урматтуу кардарлар!

WhatsApp мессенджери жана телефон чалуулар аркылуу жасалган алдамчылык учурлары көбөйүп жаткандыгын маалымдайбыз. Алдамчылар өздөрүн уюлдук байланыш операторлорунун кызматкерлери катары тааныштырышууда.

Колдо болгон маалыматтарга ылайык, шылуундар кардарларга «SIM-картанын мөөнөтү бүттү» деген шылтоо менен чалып, аны «узартуу» үчүн шашылыш түрдө белгилүү аракеттерди жасоого көндүрүшөт. Сүйлөшүү учурунда алар видеочалууну, экранды көрсөтүүнү же мобилдик телефонго жеткиликтүүлүк берүүнү суранышы мүмкүн.

Көңүл буруңуздар: мындай аракеттер алдамчыларга мобилдик телефонго, банктык тиркемелерге жана аралыктан тейлөө кызматтарына мыйзамсыз кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, акча каражаттарынын жоголушуна жана жеке маалыматтардын ачыкка чыгышына алып келиши мүмкүн.

Коопсуздук максатында төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайбыз:

  • бейтааныш адамдарга экранды көрсөтпөңүз жана түзмөгүңүзгө алыстан кирүүгө уруксат бербеңиз;
  • SMS-коддорду, PIN-коддорду, сырсөздөрдү жана башка купуя маалыматтарды үчүнчү жактарга билдирбеңиз;
  • шектүү шилтемелерге кирбеңиз жана белгисиз адамдардын өтүнүчү менен тиркемелерди орнотпоңуз;
  • уюлдук операторлордун кызматкерлери SIM-карталарды телефон аркылуу «узартпай турганын» жана түзмөккө жеткиликтүүлүк сурабай турганын эсиңизден чыгарбаңыз.

Шектүү жагдайлар жаралган учурда дароо Банктын байланыш борборуна же укук коргоо органдарына кайрылууну өтүнөбүз.