Банк “Мобильник” компаниясы менен өнөктөш болуп, юридикалык жактар үчүн электрондук капчыкты ишке берди

22.02.2018

Электрондук капчыкты мындан ары жеке жактар эле эмес, компаниялар дагы колдоно алышат. Эми компаниялар ар кандай тейлөөлөр үчүн төлөмдөрдү, өнөктөштөрдүн же контрагенттердин банктык эсептерине акча которууларды жана мындан тышкары өздөрүнүн «Мобильник-Акча» капчыктарына төлөмдөрдү кабыл алууну жүргүзө алышат. Юридикалык жактар үчүн капчыктарды каттоодон өткөрүү сайт аркылуу гана жүргүзүлөөрүнө Сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз.

«Мобильник Акча»  капчыгын юридикалык жактын наамына кантип каттоо керек:

1.https://wallet.mobilnik.kg/#/welcome. шилтемесин басыңыз

2. Ачылган терезеден «Создать кошелек юрлицо»/«Юр. жактар үчүн капчык түзүү» дегенди тандаңыз.
3. Бардык керектүү маалыматтарды киргизиңиз:  уюмдун аталышы, ИНН, телефон номуру, (уюмдун капчыгын тескөөчү – жоопкерчиликтүү адамдын телефон номуру), е-mail.  Андан ары  «Создать кошелек юрлицо»/«Юр.жактар үчүн капчык түзүү» кнопкасын басыңыз.

Эгерде сиздин уюлдук номуруңузда жеке жактын капчыгы катталган болсо, анда юридикалык жак үчүн «Мобильник Акча» капчыгын бир эле учурда бир эле номурга каттоо мүмкүн эмес.

4. Каттоо жүргүзүлгөндөн кийин, жеке ишкер же юр. жак экендигин алдын ала тандагандан кийин, профилди толтуруу керек (уюм жөнүндөгү маалыматтар). Муну менен бирге уюмдун документтеринин сканирленген көчүрмөлөрүн тиркеп коюу зарыл.
5. Маалыматтарды киргизгенден кийин, «Бай Түшүм» банкынын бөлүмүнөн  идентификациядан өтүү керек.  https://www.baitushum.kg/ru/branches.

Капчыктын интерфейсинде «МААЛЫМАТТАР» бөлүмүндө идентификациядан өтүү боюнча бардык керектүү маалыматтар жана мындан тышкары «Бай Түшүм» банкында эсеп ачуу үчүн зарыл болгон бардык документтердин тизмеси  бар.