Каракол, Бишкек филиалдарынын жана Башкы кеңсенин кызматкерлери тарабынан апрель айында көчөт отургузуу жана ишембиликтерди өткөрүү боюнча бир катар акциялар өткөрүлдү

23.04.2018

14- апрелде биздин банктын Каракол филиалынын кызматкерлери «Тоо токой» экологиялык форумунун алкагында өткөрүлгөн флешмобко кошулушту жана масштабдуу бак тигүү ишембилигин өткөрүштү.

Караколдогу борбордук көчөлөрдүн бири болгон, узундугу 2 чакырымды түзгөн  Коенкөзов көчөсүн бойлото 200 кичинекей карагай жана кара жыгачтын 1 000 көчөтү отургузулду. Жашылдандыруу үчүн 30 карагайды биздин Караколдогу филиалыбыз сатып алып, отургузушту. Борбордук көчөнү жашылдандыруу жана аны Банктар Аллеясына айландыруу демилгеси Ысык-Көл облусунун финансы-кредиттик мекемелерине таандык. Ушул демилгеге байланыштуу КРнын Улуттук Банкы жана шаардын мериясы биздин Банкка ыраазылык билдиришти.

«Бай Түшүм» банкынын Каракол филиалындагы биздин кесиптештерибиз шаардын борбордук көчөсүн бойлото жаш карагайлардын көчөттөрүн отургузуп жаткан маалда, биздин банктын башкы кеңсесинин жана Бишкек, Кара-Балта, Беловодск жана Сокулуктагы кеңселеринин 50дөн ашуун кызматкерлери Биринчи балдар хосписинде ишембилик өткөрүштү.

Биз ал аймакты өткөн жылдан калган жалбырактардан тазаладык, балдар аянтчасына газондук чөп септик, декоративдүү бадалдарды, роза жана башка жазгы-жайкы ачык түстөгү ар түрдүү гүлдөрдү отургуздук, отургучтарды оңдоп, калыбына келтирдик. Кыскасы, тартипке келтирдик.

Ошентип ал дем алуу күндөрү күнөстүү болуп, пайдалуу иш менен өттү. Ишембилик өткөрүү жөнүндөгү сунушту көп адамдардын колдоого алышы абдан жагымдуу болду. ❤

Силерге рахмат, кесиптештер! Силер мыктысыңар!!! ❤