«Бай Түшүм» банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева КРнын Аялдар Улуттук форумунда чыгып сүйлөдү

06.03.2017

Кыргызстанда жыл сайын жарандык коомчулуктун биргелешип аракеттенүүсүнүн аркасында Аялдардын эл аралык Күнү—8-март, аялдардын саясый укуктарын коргоонун жана алга жылдыруунун күнү белгиленет. Өткөн аптанын жума күнү 8-март майрамын майрамдоонун алкагында, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында «Тең укуктуулук жана мүмкүнчүлүк: муундар диалогу» деген аталыш менен Кыргызстан аялдарынын Улуттук Форуму болуп өттү. Форумга Бишкек шаарынын Жогорку окуу жайларынын студенттери, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мамлекеттик мекемелердин жана жарандык коомчулуктун, БУУнун агенстволорунун, эл аралык уюмдардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, жалпысынан 700дөн ашуун адам катышышты.

Форумдун алкагындагы «Дүйнөнү өзгөрткөн аялдар» бөлүмүндө «Бай Түшүм» банкынын Башкы Менеджери Гүлнара Шамшиева аялдардын коомдогу ролу жөнүндөгү калыптанып калган стереотиптерге карабай, коомдун активдүү катышуучулары катарында өздөрүн реализациялоого чакыруу максаты менен студенттердин алдында чыгып сүйлөдү.

Форумдун жүрүшүндө «Бай Түшүм» банкынын Башкы Менеджери Гүлнара Шамшиева бизнестеги жетишкен ийгиликтери жана аялдарга колдоо көрсөтүү боюнча жүргүзгөн иштери үчүн Аялдар кеңештери уюму тарабынан «Датка Айым» медалы менен сыйлангандыгы белгилеп кетүүгө арзыйт.

Мындан тышкары, Банк «Клара Цеткинге рахмат» деген аталыштагы студенттик викторинанын байгелик фондусунун  демөөрчүсү катары чыкты, анда ЖОЖдордун жеңишке жетишкен командалары акчалай сертификаттар менен сыйланышты.

_DSC1280