Смартфон же планшетиңизди терминалга айлантыңыз. mPOS тууралуу кызыктуу маалымат

21.05.2019

Мобилдик терминал (mPOS) –  смартфон, планшет жана кардардын чиптик же магниттик банк карталарынан маалымат алуучу кичинекей ридер. Бул менен бир заматта банк карталарынан төлөмдөрдү кабыл алса болот.

Мобилдик терминалдын артыкчылыктары:

  • Мобилдик терминалдын эң негизги артыкчылыгы анын мобилдүүлүгүндө. mPOS менен төлөмдөрдү каалаган жерден кабыл алуу мүмкүн: соода түйүнүнөн, көчөдөн, таксиден ж.б.
  • Терминалды иштетүү үчүн жогорку ылдамдыктагы интернет зарыл эмес. Айылдан да (2G) төлөмдөрдү жүргүзсө болот.
  • mPOS кадимки POS-терминалдай эле коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берет.
  • Мобилдик терминалга компаниянын жеке кабинети тиркелген мобилдик колдонмо кошулат. Ал жерден бардык операцияларды жүргүзүп, төлөм шаблондорун, товардын каталогдорун түзүп, төлөмдөрдүн географиясын көзөмөлдөп, мобилдик колдонмо же веб-портал аркылуу кардарларга дүмүрчөк жиберсе болот.
  • mPOS кардарларга акысыз берилет. Болгону банкка эсеп ачуу үчүн акы төлөнөт: юридикалык жактарга – 400 сом, жеке ишкерлерге – 100 сом.

mPOSту алуу жолдору:

  1. онлайнарыз берүү же банктын каалаган кеңсесине кайрылуу;
  2. соода эквайринги боюнча «Бай-Түшүм» банкыменен келишим түзүү;
  3. эсеп ачуу;
  4. mPOSту жабдылоо;
  5. терминал менен иштөө боюнча маалымат берүү.

«Бай-Түшүм» банкы Кыргызстанда mPOSту сунуштаган алгачкы жана жалгыз банк!

Бардык суроолор боюнча 24 саат иштеген чалуу борборуна кайрылсаңыз болот:

  • +996 (312) 905 805
  • +996 (770) 905 805