Смартфон же планшетиңизди терминалга айлантыңыз. mPOS тууралуу кызыктуу маалымат

21.05.2019

Извините, для этой записи нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Мобилдик терминал (mPOS) —  смартфон, планшет жана кардардын чиптик же магниттик банк карталарынан маалымат алуучу кичинекей ридер. Бул менен бир заматта банк карталарынан төлөмдөрдү кабыл алса болот.

Мобилдик терминалдын артыкчылыктары:

  • Мобилдик терминалдын эң негизги артыкчылыгы анын мобилдүүлүгүндө. mPOS менен төлөмдөрдү каалаган жерден кабыл алуу мүмкүн: соода түйүнүнөн, көчөдөн, таксиден ж.б.
  • Терминалды иштетүү үчүн жогорку ылдамдыктагы интернет зарыл эмес. Айылдан да (2G) төлөмдөрдү жүргүзсө болот.
  • mPOS кадимки POS-терминалдай эле коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берет.
  • Мобилдик терминалга компаниянын жеке кабинети тиркелген мобилдик колдонмо кошулат. Ал жерден бардык операцияларды жүргүзүп, төлөм шаблондорун, товардын каталогдорун түзүп, төлөмдөрдүн географиясын көзөмөлдөп, мобилдик колдонмо же веб-портал аркылуу кардарларга дүмүрчөк жиберсе болот.
  • mPOS кардарларга акысыз берилет. Болгону банкка эсеп ачуу үчүн акы төлөнөт: юридикалык жактарга – 400 сом, жеке ишкерлерге – 100 сом.

mPOSту алуу жолдору:

  1. онлайнарыз берүү же банктын каалаган кеңсесине кайрылуу;
  2. соода эквайринги боюнча «Бай-Түшүм» банкыменен келишим түзүү;
  3. эсеп ачуу;
  4. mPOSту жабдылоо;
  5. терминал менен иштөө боюнча маалымат берүү.

«Бай-Түшүм» банкы Кыргызстанда mPOSту сунуштаган алгачкы жана жалгыз банк!

Бардык суроолор боюнча 24 саат иштеген чалуу борборуна кайрылсаңыз болот:

  • +996 (312) 905 805
  • +996 (770) 905 805