«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы студенттер үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү

21.11.2012

16-ноябрда «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы Банкы, Ататүрк – Ала-Тоо Эл аралык университетинин «Экономика жана башкаруу» факультетинин студенттери үчүн эшигин ачты. Жоопкерчиликтүү насыялоо принцибин көздөө менен Банктын бир максаттарыны бири болуп, банк өнүмдөрүн жана кызматтарын берүү шарттары жөнүндө керектөөчүлөргө толук жана жетишээрлик маалымат берүү саналат.

«Ачык эшиктер күнү – бул элдин каржы маселеси жагына сабаттуулугун көтөрүү боюнча компаниянын алкагындагы Банктын иш-чарасынын бири. Андан тышкары, бул күнү биз, студенттерге биздин Банк менен ичинен жана ал жумуш берүүчү катары студенттерге келечекте кандай ийгиликтерди бере тургандыгы менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк беребиз», – деп «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы Банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева белгиледи.

Ачык эшиктер күнүнүн толук программасы студенттер менен Банк кызматкерлеринин ортосундагы интерактивдүү пикир алышуунун негизинде түзүлгөн. Болочоктогу финансистерге компаниянын тарыхы менен тааныштырган «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы Банкы жөнүндөгү бет ачар фильми көрсөтүлгөн.

«Ачык эшиктер күнү бизге, Банктын иштери, анын жамааттык маданияты, насыялоо жана маркетинг ишмердүүлүгү жөнүндөгү актуалдуу маалыматтарды биринчи адамдардан алууга мүмкүндүк берди»,- деп Ататүрк – Ала-Тоо университетинин студенти Аяна Далбаева белгиледи. – Бул биз үчүн бир эле керектөөчү катары эмес, ошондой эле жигердүү кызматкер катары да маанилүү».

«Ачык эшиктер күнүнүн» меймандарын баарынан мурда насыяны накталай алуу шарттары, аны өз мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүктөрү, насыя карталарынын артыкчылыктары менен аманаттардын шарттары көбүрөөк кызыктырды.

Банк жетекчилиги мындай иш-чараларды дайыма өткөрүп турууну пландоодо.