Биздин айжаркын кесиптешибиз Жаннат Медерова «Бай Түшүм» банкынын командасына өткөн жылдын февраль айында келип кошулган.

29.05.2019

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин экономика жана башкаруу факультетинин бүтүрүүчүсү Жаннат өзүн алгачкы ирет мамлекеттик кызматта сынап көрүүнү чечкен, бирок ал тез эле туура эмес тармакты тандап алгандыгын түшүнгөн.

«Мен ар дайым банкта иштөөнү каалоочумун, бирок ваканттык орун болбогондугуна байланыштуу, тез эле ишке орношуу мүмкүн эмес болду. Бирнчи стажировкадан өттүм, мага көп нерсе тааныш эмес жана татаал болуп сезилди. Бирок кесиптештерим жана жетекчилерим мага көп колдоо көрсөтүшүп, өзүмө болгон ишеничти арттырышты», –  деп айтты Жаннат, ал үчүн банктан өз карьерасын баштоо дагы бир кубанычтуу жаңылык – үй-бүлөсүнө баш кошулуу бактысына да туш келди. Ал 2 жыл боюу күткөн ишке орношуу мүмкүнчүлүгү келген учурда, Жаннаттын кичүү баласы болгону 5 айлык наристе болчу, ошентсе да ал банкка иштеп баштоону чечкен.

«Адам өз көңүлү сүйгөн иште иштеши керек деп эсептейм. Себеби иштеген ишиң финансылык колдоо гана бербестен, ал адамдын кесиптик жактан өсүп-өнүгүшү үчүн да абдан маанилүү», –  деп түшүндүрдү өз чечимин Жаннат.

Жаннат кесиптик жактан өсүп-өнүгүү үчүн Банк тармагын тандап алышынын себебин адамдарга өз кыялдарын жана максаттарын ишке ашыруусуна жардам берүүгө мүмкүнчүлүк алгандыгы өзүнө да абдан жага тургандыгы менен түшүндүрөт.

Жаннат Каракол шаарындагы биздин филиалыбызда иштейт, биздин көпчүлүк филиалдарыбызда сатуулар боюнча адистер (насыя адистери) вакансиялары бар. Кененирээк маалыматты➡ http://www.baitushum.kg/ru/vacancy/ шилтемеси боюнча алууга болот, ал эми резюмени➡ baitushum@baitushum.kg. дарегине жөнөтүү керек.    .

 

Жаннат работает в нашем филиале в Караколе, но у нас есть вакансии специалистов по продажам (кредитные специалисты) во многих филиалах. Узнать подробнее можно по ссылке ➡ http://www.baitushum.kg/ru/vacancy/, а отправить резюме на адрес ➡ baitushum@baitushum.kg.

#bankbaitushum_команда #baitushumteam