«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы Банкы “Сейтек” бала бакчасынын ачылышына биринчи демөөрчүлөрдөн болуп берди

29.10.2012

24-октябрда Панфилов районунун Курама айыл округунда «Сейтек» бала бакчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү, анын негизги демөөрчүлөрүнөн болуп «Бай түшүм жана Партнерлор» Банкы болду. Салтанаттуу иш-чараны Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева ачты.Ошондой эле ачылыш аземине КР Өкмөтүнүн толук ыйгарым укуктуу өкүлү А.Д.Азыранкулов, мамлекеттик-администрация башчысынын милдетин аткаруучу – Панфилов районунун акими Т.А.Асыпбеков, Панфилов районунун Курама айыл округунун башчысы О.А.Сатаркулов, ошондой эле болочокто балдар бакчасында тарбиялана турган балдар жана алардын ата энелери.

2012-жылы «Бай түшүм жана Партнерлор» Директорлор кеңеши кайрымдуулук жардамдын чегин кеңейтүү жана Кыргызстандын калкынын жашоосун жакшыртууга өбөлгө түзгөн долбоорлорду колдоо чечмин кабыл алышкан. Изилдеп текшерүүдөн кийин алыскы аймактардан Банык ар бир аймактын ичинен кыйла маанилүү 6 социалдык долбоорду каржылоо үчүн тандаган. Чүй обласындагы мындай долбоорго «Сейтек» бала бакчасы болду, ал кайра түзүлгөндөн кийин бала бакчанын ичи жабдылууга муктаж болгон. Ашкана жабдууларын жана тиричилик техникасын сатып алуу үчүн ушул жылдын сентябрь айында бала бакчага «Бай түшүм жана Партнерлор» 298 650 сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берген.

Бала бакча 120 орунга эсептелген. Бала бакчанын тарбиялануучулары үчүн бөлүнгөн каражаттарга бардык керектүү нерселер сатып алынган: шейшептер, тиричилик техникалары, идиш-аяктар себили, ашкана үчүн жабдуулар, кеңсе товарлары, окуу куралдары, килем буюмдары, оюнчуктар жана дагы көп нерселер.

Ачылыш аземине катышып жатып, «Бай түшүм жана Партнерлор» компаниясынын Башкы менеджери Г.Ж.Шамшиева төмөнкүлөрдү белгилеп кетти: «11 жылдан ашык мезгилден бери «Бай түшүм жана Партнерлор» калктын көбүрөөк начар жана жардамга муктаж болгон катмарына кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келет. Ушул жылы өлкөнүн социалдык инфраструктурасын жана экономикалык күч-кубатын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга биз тараптан 10 млн. сом көлөмүндө акча каражаты бөлүнгөн. «Сейтек» бала бакчасынын ачылышы райондун социалдык инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө түзөт, ал эми жаңы бала бакча балдарга мүмкүн болушунча көбүрөөк орундарды камсыз кылат жана мектепке чейинки татыктуу билим берет деп биз ишенебиз».

Башка социалдык долбоорлорду ишке ашыруу алкагында «Бай түшүм жана Партнерлор» компаниясы ушул жыл ичинде Талас областында балдардын оюн аянтчасын курууну, Жалал-Абад областындагы орто мектепти оңдоону, Чүй областындагы «Келечек» балага жана үй-бүлөгө жардам берүү борборунун каналдаштыруу жана от жагуу тутумун оңдоону пландаштырууда. Банк, ошондой эле, айыл жергесиндеги элдердин таза суу менен камсыз болушуна жана суу чыгарууга олуттуу көңүл бөлөт. Ушул максатта 2012-жылы Ош областынын Кара-Суу районунда суу өткөрүү түтүгүн жана Нарын областынын Кочкор районунда суугаруу тутумун оңдоо боюнча 2 долбоор жактырылган. Бул долбоорлорду ишке ашырууну аягына чыгаруу 2012-жылдын аягына пландалып жатат.