«Бай-Түшүм» Финансылык тобу лизингдик долбоордун чегинде жалпы суммасы 560 миң. евродон ашык лизингдик бүтүмдөрдү каржылады

30.07.2011

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин жана Германиянын жеке менчик бизнесинин өкүлдөрүнүн жана Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомчулугунун (GiZ) ортосундагы кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлгандан кийин, «Бай-Түшүм» Финансылык тобу жана Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомчулугунун (GiZ) демилгеси менен «Бай-Түшүм» Финансылык тобу лизингдик долбоордун чегинде жалпы суммасы 560 миң. евродон ашык лизингдик бүтүмдөрдү каржылады.Ушундай мамлекеттик-жеке менчиктик өнөктөштүктүн натыйжасында, фермерлер жана дыйкан чарбалары менен айыл чарба иштерин жүргүзүү боюнча натыйжалуу ыкмаларды колдонуу менен Кыргызстандын тамак-аш коопсуздугунун проблемаларын чечүүгө көмөктөшө турган узак мөөнөттүү лизингдик программасы жаралды. Ал айыл чарба техникасын берүүнү гана камтыбастан, алардын узак мөөнөткө иштеши үчүн керектүү сервис кызматын уюштурууну да камтыйт. Бүгүнкү күндө долбоордун чегинде төрт кооператив жана бир фермердик чарбасы аркылуу айыл чарба техникасы 7 бирдикте сатылып алынды.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы айыл чарба техникалары моралдык жана физикалык жактан да эскиргендигин, жана ал Республикада дыйкан чарбаларында болгон эски техниканы колдонуу учурунда, фермерлер өстүрүлгөн продукциясынын көпчүлүк бөлүгүн жоготуп жаткандыгына алып келгендиги эч кимге жашыруун эмес. Ага жараша, түшүмдүүлүктүн деңгээли да түшөт. Ошондуктан «Бай-Түшүм» Финансылык тобу лизингдик продуктту берүү аркылуу ушул долбоорго активдүү катышты, ал фермерлер жете ала турган баалар боюнча жогорку сапаттагы немецтик техника менен өзүнүн техникалык паркын жаңылантууга мүмкүндүк берет» – деп белгиледи  Тилек Ашымов,  мамлекеттик-жеке менчиктик өнөктөштүк долбоордун кыргыз-германиялык жумушчу тобунун жетекчиси.

Лизингге сатылып алынган техниканын мүмкүнчүлүктөрү жана мүнөздөмөлөрү,  CLAAS немец компаниясынын «Доминатор-130»  жаңы буудай жыйноочу комбайндарынын презентациясы «Талаа күнүн» жүргүзүүнүн чегинде 19-июлда Беловодск айылында көрсөтүлдү. CLAAS немец компаниясынын өкүлү тарабынан белгиленгендей: «Фирманын жаңы инженердик иштеп чыгууларанынын натыйжасы, «Доминатор-130»  жаңы буудай жыйноочу комбайны болду, ал заманбап дүйнөлүк стандарттарга жооп бериши жана жөнөкөй тейлениши, ошондой эле компакттуулугу жана маневр жасай ала тургандыгы менен айырмаланат.  Комбайндардын жогорку сапаттык өндүрүмдүүлүгүн жана түшүмдү жыйноо сапатын, ошондой эле аба ырайы ысык учурда жакшы шарт түзө турган кондиционери да бар экендигин белгилей кетүү маанилүү».

«Ушундай долбоорлорду өнүктүрүү жана колдоо биз үчүн бүгүнкү күндө маанилүү болуп саналат, себеби биздин кардарлар негизинен Кыргызстандын аймактарында жашашат жана техникалык паркын жаңылантуу боюнча фермерлер жана дыйкан чарбалары тарабынан реалдуу керектөөлөрү бар экендигин биз көрүп турабыз. Заманбап жана ишенимдүү техника дыйкан чарбасынын иштеринин натыйжалуулугун орчундуу түрдө жакшырта ала тургандыгын алар жакшы түшүнүшөт» – деп «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКнын Башкы менеджери Гульнара Шамшиева басым жасоо менен айтып өттү.