mPOSту кантип акысыз алып жана жаңы кардарларды табууга болот? Тоолук талдоо

15.05.2019

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөр жигердүү өнүгүүдө. Көптөгөн кардарлар өзүнүн сатып алууларын банктык карталары менен төлөгүсү келишет. Мындай шарттарды жана мезгилде кардарларына мындай мүмкүнчүлүк берген ишкердиктин ишмердүүлүгү өнүгөт. Бирок кадимкидей POS-терминал сиздин ишкердикке шай келбей жатып, мобилдилүүк керек болсочу? Бул үчүн атайын mobile-POS-терминалдары (mPOS) бар эмеспи. Станционардык POS-терминалдарга караганда алардын бир топ артыкчылыктары бар жана дал ошондой эле мүмкүнчүлүккө ээ. mPOS’торду тоолук карайык.

 

Кандай болуп көрүнөт?

(mPOS) мобилдик терминалы бул жөн гана эки уюлдук аппарат: смартфон (планшет)  жана кардардын чиптик  жана магниттик банк карталарынан маалымат алуучу кичинекей ридер.

Мындайча айтканда мындай mPOSту алган соң, сиз аны дароо банк карталарынан төлөмдөрдү алуу үчүн колдоно аласыз.

Эркиндик жана мобилдүүлүк

 mPOSтордун  башкы жана айныксыз артыкчылыгы анын мобилдүүлүгүндө. Мындай компактуу курал сизге төлөмдөрдү кайдан болбосун алууга мүмкүнчүлүк берет: соода түйүнүнөн, көчөдөн, таксиден, каалаган жерден өнүмдү жеткирүүдө же кызмат көрсөтүүдөн. Албетте сатуу түйүндөрү жок же сатуу түйүндөрү интернетте болгон жеткирүү кызматтары жана чакан ишкердиктер үчүн бул алмаштырылгыс мүмкүнчүлүк.

Терминалдын иштеши үчүн жогорку ылдамдыктагы интернеттин кереги жок. Айылдан интернет 2G болгон учурда дагы төлөмдөрдү жүргүзсө болот. Бирок, кадимкидей POS-терминалдай эле бардык коопсуздук стандарттарына ал жооп берет.