«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы алдыңкы финансылык-кредиттик мекемелердин, эл аралык компаниялардын жана долбоорлордун HR өкүлдөрү үчүн «Ачык эшик күнүн» өткөрдү

01.09.2011

«КСО 2011 Жумалыгынын»* чегинде «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК 2011-жылдын 26-августунда ар кандай финансылык-кредиттик мекемелердин, эл аралык компаниялардын жана долбоорлордун HR департаменттеринин жетекчилери жана адистери менен формалдуу эмес жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун темасы «HR коомчулугу Кыргызстанда. Кыйынчылыктар жана татаалдыктар, мүмкүнчүлүктөр жана кубанычтар» деп белгиленди.13 ар кандай уюмдардан персоналдары менен иштөө боюнча департаменттеринин жетекчилери адамдар ресурстарын башкаруу тармагында тажрыйба алмашуу, жаңы идеяларды издөө жана стандарттуу эмес чечимдерди биргелешип иштеп чыгуу максатында жолугушту. Өткөрүлгөн иш чаралардын чегинде катышуучулардын көңүлүнө Компаниянын иш-аракеттери, Компаниянын жетишкендиктери туралуу маалымат, келечектеги пландары боюнча презентация өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө HR менеджеринин турмушунан дагы учурдагы курч маселелери: уюмдагы HR менеджердин ролу жана функциялары, Компаниялардагы корпоративдик маданиятты  өнүктүрүү маселелери, кызматкерлер боюнча маалыматтардын формалдуу эмес базасын түзүү, кадрлардын лоялдуулугу жана иштен кетүү деңгээли, кызматкерлерди ички жана тышкы мотивациялоо, кызматкерлерди жумушта кармоо боюнча программалар, кызматкерлерди окутуу, корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча иш чаралар жана башкалар каралды.

Убакыттын көпчүлүк бөлүгү, уюмдарда корпоративдик социалдык жоопкерчиликти ишке киргизүү тажрыйбасын талкуулоого арналды. Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстанда КСОнун өзүнүн өнүгүшүнүн тажрыйбасы жана болжолдуу көрүнүшү менен ой бөлүштү.

Жолугушуунун жылуу достук атмосферада өтүшү, «чай ичүүнүн»  формалдуу эмес кырдаалында кийин кызуу талкулоо, тажрыйба алмашуу үчүн кыймылдын точкасын түзүүгө мүмкүндүк берди.

«Адамдык ресурстарды башкаруу тармагында жогорку квалификациядагы эксперттер бир жерде жолугушуп, таанышып, дискуссия жүргүзүп, жаңы идеяларды жаратып, өздөрүнүн баа жеткис тажрыйбасы менен бөлүшкөндүгү, проблемаларды ачык талкуулоосу, биргелешкен чечимдерди табууга аракет кылышкандыгы кандай жагымдуу. Ушундай жолугушуулар HR жолугуушуларын өнүктүрүүгө орчундуу салымын кошот жана өз ара тыкыз өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жардам берет, аны менен бирге Кыргызстандын HR менеджментин өнүктүрүүгө көмөкөтөшөт деп ойлойм» – деп ишенет «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК персонал боюнча менеджери Максутова Айнура.

*«КСО 2011 Жумалыгынын» уюштуруучулары жана демилгечилери: CSR Business Network (Кыргызстандагы КСО Бизнес Тору),  Ага Хан Фонду, ЕБРР Ишкердик консультацияларды колдоо Программасы (BAS), Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соодалык Палатасы (AmCham), Эл аралык Ишкердик Кеңеши (МДС) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча Уюму болуп саналат.