«Бай Түшүм» банкынын башкы кеңсесине The Moon Project кесиптик багыттагы жайкы лагердин катышуучулары келип кетишти

24.08.2018

Турмуштук жолун жана кесиптик багытын жаңы гана тандап жатышкан улан-кыздар персоналдар менен иштөө боюнча башкармалыктын башчысы Жазгүл Момуналиева менен маек курушту. Ал улан-кыздарга «Бай Түшүм» банкынын иши жөнүндө айтып берди. Балдар банк менен, анын 17 жылга созулган тарыхы жана негизги бөлүмдөрү менен таанышышты. Банкирликке кантип жана кайдан окуса боло тургандыгын жана бул адистик кандай келечекти ача тургандыгын билип алышты.

Андан соң меймандар банктын Башкармалыгынын Төрагасы Максатбек Ишенбаев менен жолугушту,  ал эмне үчүн банк тармагын тандап алгандыгын жана жоопкерчиликтүү кызматта туруп , кантип өзүнө жаккан спортко жана башка жакшы иштерге жетишип жаткандыгы тууралуу айтып берди. Балдар ага ар кандай: жетекчинин жеке турмушунан баштап, биткоиндер жана Максатбек Ишенбаевдин жакшы көргөн китептери тууралуу суроолорду беришти. Башкармалыктын Төрагасы балдарга Майкл Роучту жана Ицхак Адизести окуп чыгууларына кеңеш берди. ?

Достук жана формалдуу эмес жагдайда өткөн экскурсия таанып-билүүчүлүк экскурсиясы болуп калды. Биздин жаш меймандарыбыздын айрымдары кайсы бир учурда «Бай Түшүм» банкына кайрылып келип калышаар деген үмүттөбүз.