«Бай-Түшүм» Банкы – Кыргыз Республикасынын депозиттерин коргоо системасынын катышуучусу

28.12.2012

2012-жылдын 25-декабрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы, КРдин депозиттерди коргоо боюнча Агенттигинин №17-буйругунун негизинде №23/12 номери менен Кыргыз Республикасынын депозиттерин коргоо системасынын катышуучу-банктарынын Реестрине киргизилди.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын «Аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкынын аманатчыларынын депозиттери коргоого алынды. Ушул Мыйзамга ылайык, аманатчыларга компенсациялана турган сумма 200 миң сомдун деңгээлинде түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын банктык аманаттарын коргоо системасы, кыргыз банктарынын аманатчыларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга, банктык системага карата ишенимди бекемдөөгө, банктык системага элдин аманаттарын тартууну стимулдаштырууга чакырылды.

Маалымат үчүн:

«Бай-Тушум жана Партнерлор», ACDI/VOCA америка эл аралык өнүктүрүү уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 14-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансы уюм болуп калды. 12 жылдан бери иштеген уюм, 100 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансы интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты ири банктардын арасына кирет.