“Бай Түшүм” банкы 2018-жылдагы жыйынтыгы боюнча бардык көрсөтмөлөрүн ашыра жасаган

04.04.2019

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча “Бай Түшүм” банкы киреше планын эки эсеге ашыра жасаган. Бул туралуу өткөн жумада болгон жылдык акционерлер жыйынында белгилүү болду.

Акционерлер жыйынында банктын 2018-жылдагы ишмердиги, финансылык планды ишке ашыруу талкуланып, жылдык баланс жана киреше, чыгаша отчету кабыл алынды. Банктын акционерлери тарабынан 2019-жылга финансылык план каралып, бекитилди. сырткы финансылык аудитор болуп «Бейкер Тилли Бишкек» эл аралык аудитердик компания дайындалды.

2018 жыл “Бай Түшүм” банкына ийгиликтүү жылдардын бири болду. Банк бардык эле финансылык көрсөткүчтөрдү ашырып иштеген.

Банк киреше көрсөткүчүн пландан эки эсеге ашырып, жылды 60,3 милион сом менен жыйынтыктады. Аманаттар базасы ири жогорулатууга кабылган, 2017 жылга салыштырмалуу 27 пайызга өсүп, 4 миллиард сомду түзгөн.


“Бул көрсөткүч боюнча “Бай Тушүм” банкы өлкөдөгү алдыңкы банктар катарында. Бул калктын банкка болгон ишенимин көрсөтүп турат. Банк катарында болгону 7-жыл иштеп, тажрыйба аз болгонуна карабастан, “Бай Түшүм” банкы 7,5 миллиард сом активи жана 136 миң кардары бар Кыргызстандагы алдыңкы финансылык институт боло алды” – деп банк ишмердигинин 2018 жылдык жыйынтыгын “Бай Түшүм” банкынын төрагасы Максатбек Ишенбаеев жыйынтыктады.

Банктын ишмердигинин жакшы корутундусу жана өсүү көрсөткүчү көрүнүп, “Бай Түшүм” банкы тарабынан бир катар эл аралык алдыңкы финансылык жана инвестициялык компаниялар менен келишим түзүлдү.

2019 жылдын биринчи бөлүгүндө FMO (Нидерландиялык өнүгүү банкы),Triodos Bank, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен $12 миллионго келишимдер түзүлдү. Бул башталышы гана. 2019 жылга “Бай Түшүм” банкынын чечкиндүү жана жоптуу пландары бар.