Калкка жардамга агро насыялар

27.03.2019

Мына март айы дагы аяктап бара жатат, жер айдоого эң жакшы убакыт. Дыйкандарга жер айдоого банктар жардамга келишет, айыл чарба жана эгин эгүү жумуштарына жеңилдетилген насыялар берилет. Бул насыя берүүчү банктын бири “Бай Түшүм” банкы. Биз банктын кызматкери Токпаев Саматом менен маек курдук жана андан банк тарабынан кандай жеңилдетилген насыялар берилерин сурадык.

«Биздин банк айыл аймактардагы эгин эгүүгө, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө берилет. Дыйкандарга ар кандай максаттагы насыяларды сунуштайт, ошолордун ичинде жер сатып алуу дагы бар. Бирок биздин банк табак жана КРнын мыйзамында тыю салынган өнүмдөрдү өстүрүүнү каржылабайт».

– Башка банктардан банктын насыя артыкчыгы жана айырмасы барбы?

«”Бай түшүм” банкынын артыкчылыгы, – Самат белгилегендей, – насыянын ылдам берилиши. Мисалы, эгерде дыйкан тоолук документтер тизмегин берсе, суроолорду кароо 3 күндөн артык убакытты албайт. Мындан тышкары айылдарды колдоо максатында насыя 2,5% жеңилдетилип берилет.

Банк дыйкандардын табиятты коргоо боюнча долборлоруна өзгөчө маани бөлүүдө.

Жана ошондой эле 3 же андан көп балалуу ишкер айымдарга; жалгыз айымдарга; билим берүү жана саламатыкты сактоо тармагынын кызматкерлерине дагы жеңилдетилген насыялар берилет».

– Насыя өлчөмү кандай жана канча мөөнөткө берилет?

«Ар бир дыйканга ишмердигинин өлчөмү боюнча насыя көлөмү жана мөөнөтү аныкталат. Насыянын минималдуу суммасы – 10 000 сом.  ,2,5% жеңилдикти 250 000 сомго чейин сураган дыйкандар ала алат. Мөөнөтү 3 айдан 3 жылга чейин айлануучу жабдыктарды жана башкы жабдыктарды 5 жылга каржылоого насыя алууга болот. – С. Токпаев.

Агро насыялар боюнча тоолук маалыматы алуу үчүн төмөндөгүнү басыңыз:
https://www.baitushum.kg/ru/retail-banking/loan-products/agroloans/