Сыйлыктар

Bai-Tushum-Bank_certificate  

Эл аралык SMART Campaign компаниясынын сертификаты, 2014, 2016ж.ж.

«Кардарларды коргоо принциптерин» эң мыкты ишке ашырган практикасы үчүн  сыйлык, 2012 ж.

«Бай-Түшүм» Банкы “Ачыктык” жана “Кардарлардын даттануулары жана сунуштары менен иштөө” механизмдерин ишке ашыруу тармагына «Кардарларды коргоо принциптери» практикасын эң мыкты киргизгендиги үчүн сыйлык алды. Сыйлык «Кардарларды коргоо принциптерин» киргизүү боюнча демилгенин алкагында Микрофинансылоо Борбору (MFC) жана Smart Campaign тарабынан уюштурулган. “Кардарлардын даттануулары жана сунуштары менен иштөө” принцибин ишке ашыруу тармагында сыйлыкты, ошондой эле Vision Fund AzerCredit (Азербайжан) компаниясы алды.   LLC MFO CREDO (Грузия)  «Ашыкча карыздардын алдын алуу» принцибин ишке ашыргандыгы үчүн сыйланды.

«Бай-Түшүм» Банкы өзүнүн ишмердүүлүгүнүн чегинде ишеним арткан жана өнөктөштүк мамилелерди жаратуу менен кардарлардын кызыкчылыгын дайыма биринчи орунга коёт жана кезектеги ыйгарылган сыйлык Банктын социалдык багыттуулугун  бекемдеди.

 

«Жакырчылык менен күрөшүү», «Үй-бүлөнүн жана коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү», «Ишкердүүлүктү колдоо», «Инновация» жана «Кардардын үнү», “Аманат жаратуу” аттуу алты номинацияда, социалдык жоопкерчилик (Social Performance Strengths) тармагында КИВА Фонду тарабынан ыйгарылган даража белгилери, 2011- 2014 жж.

КИВА Фонду тарабынан ыйгарылган номинациялар, социалдык-жоопкердик финансылоо программаларын иштетүүдөгү «Бай-Түшүм» Банкынын жогорку комптенециясын дагы бир жолу тастыктады.

 

 

Социалдык таза ачыктыгы үчүн M-CRIL агенттиги тарабынан берилген, «β+» Рейтинги, 2009-ж.

Борбордук Азияда биринчилерен болуп, социалдык миссияны иштетүү үчүн  рейтингин алган. Рейтинг M-Cril эл аралык агенттиги тарабынан жүргүзүлүп, Банктын социалдык иш-аракеттерине баалоо жүргүзүү менен  «β+» рейтингин берген, бул болсо, Банк башкаруунун жакшы системасын пайдаланып жаткандыгын жана өзүнүн социалдык миссиясына жана баалуулуктарына таянуу менен иштейт дегенди билдирет. Ошондой эле M-Cril экспреттери Банктын күчтүү сапаттарына төмөнкүлөрдү киргизди: жогорку квалификациялуу Директорлор Кеңеши жана ишинде бай тажрыйбалары бар топ-менеджментин; жакшы таризделип уюшулган түзүмүн жана милдеттердин бөлүштүрүлүшүн; тейлөө кызматтарынын кеңири тармагын жана алардын шарттары менен Банктын кардарларынын канааттануусун; эмгек шарттары менен Банктын кызматкерлеринин жогорку деңгээлде канааттангандыктарын киргизди.


Социалдык таза ачыктыгы үчүн «Silver» сыйлыгы, Mix, 2009-ж.

«Бай-Түшүм» Банкы – социалдык таза ачыктыгы үчүн Silver сыйлыгын алган Кыргызстандагы жалгыз компания. Сыйлык, социалдык иш-аракеттер тармагы боюнча толук маалымат бергендиги үчүн микрофинансылык уюмдарды сыйлоо максатында тапшырылган.

 

«Microfinanza» Рейтинг компаниясы тарабынан берилген «ВВВ» Рейтинги, 2008-ж.2008-жылы Банк өзүнүн иш-аракеттерине карата «Microfinanza» Эл аралык Рейтинг Компаниясынын эл аралык баалоосунан өттү, анын жыйынтыгы боюнча Банк «ВВВ» рейтинги ыйгарылган. 2008-жылдын рейтингинин мурдагы «А+» салыштыруу боюнча андан азыраак төмөндөшү, дүйнөлүк кризистин таасиринин аркасында өлкөнүн рейтингинин түшүшнө байланыштуу болгон. Эксперттер, насыялык портфелдин жогорку сапатын сактоо менен Банктын орчундуу өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берген Банктын жогорку профессионалдуу деңгээлдеги башкаруусуна, квалификациялуу персоналына көңүлүн буруу менен аларга  басым жасайт.
  Кыргызстандын Микрофинансылык Гиганты, Фронтиерс, 2008-ж.

Кыргызстандын микрофинансылык тармагын өнүктүрүүдө кошкон зор салымы үчүн «Фронтиерс» Коомдук фонду тарабынан «Бай-Түшүм» Банкына «Фронтиерс» номинациясы ыйгарылган.

 Финансылык таза ачыктыгы үчүн сыйлык, СGAP, 2006-ж.

Компания «Financial Transparency Award» GGAP конкурсунда жеңип чыккан Кыргызстандагы биринчи микрокредиттик уюм болду. Moore & Stephens Эл аралык аудитордук фирмасы жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана маалыматты ачууга карата CGAP талаптарына туура келишине карата дүйнөнүн 62 өлкөсүнөн 231 микрофинансылык мекемелер тарабынан берилген, финансылык отчеттуулуктун талдоосун жүргүзүү менен көз карандысыз жогорку квалификациялуу эксперттер 20 уюмду жеңүүчүлөр деп аныкташкан, алардын бири болуп «Бай-Түшүм» Банкы болду.

  Микрофинансылык индустрияда үлгүлүү лидерлик, ACDI & VOCA, 2004-ж.

Кыргызстанда айылдык жана микрофинансылык индустриясындагы Үлгүлүү лидердиги жана көрүнүктүү финансылык иш-аракеттери үчүн сыйлык.