VISA Business төлөм карталары

Эл аралык VISA: ачык мүмкүндүктөр дүйнөсү

Эмнеге адамдар Visa эл аралык картасын тандашат? Анткени аны менен Сиз барган бардык жактарда ыңгайлуу!

Сизди тагдыр каякка алып барганы маанилүү эмес: Visa менен Сиз ушул өлкөдө кандай валюта – рублдер, евро, долларлар, франктар, жада калса динарлар же злотыйлар колдонулаарынан көз карандысыз сатып алууларыңызга жана кызматтарга төлөй аласыз! Жана аны – сутканын каалагандай мезгилинде жасай аласыз! Андан дагы, аны банктарда жана банкоматтарда гана эмес, көпчүлүк соода түйүндөрүндө (бүткүл дүйнө жүзү боюнча 20 миллиондон ашуун соода-сервистик ишканаларда!) жана интернет-дүкөндөрдө дагы кабыл алышат.

Visa картасына ээлик кылып, Сиздин акча каражаттарыңыздын коопсуздугуна жана сакталып туруусуна санаа тартпаса да болот: анткени капчык жоголуп кетсе, анда аны таап алуучу Сизге ичиндегисин кайтаруу шансы аз. Ал эми картаны токтоосуз түрдө, банктын колдоо кызматы менен байланышып, блокировкалоого мүмкүн болот. Жана Сиздин акчаларыңызды, Сизден башка эч ким колдоно албайт. Дагы да, ушул пайдалуу опциядан тышкары Visa картасында кадимки булгаары капчыктардан олуттуу болгон бир топ салмактуу артыкчылыктары бар.

Сизде канча накталай акча бар экенин көрүүгө жана ушундан улам өз чыгашаларыңызды контролдоого көнгөнсүзбү? Ал эми карта менен контролдуксуз коротууларга жол берем деп коркосузбу? СМС-маалымдоону туташтырыңыз жана каалагандай дебеттик операциялар жөнүндө билдирмелерди, күнү-түнү бою алыңыз. Эмнеге жана канчаны коротконуңузду эсепке алууну жүргүзүңүз – бул ай сайын берилүүчү мобилдик же интернет-банкингдин көчүрмөлөрүнүн жардамы менен жеңил болот (ушул бардык опциялар Visa картасында жеткиликтүү). Эгерде Кыргызстан боюнча шашылыш акча которуу муктаждыгы пайда болсо, анда Сиз аны жүзөгө ашыра аласыз жана бул үчүн банкка баруунун жана операторго кезекке туруунун зарылдыгы жок – Сиз жөн гана жакынкы турган банкоматты же картага туташтырылган интернет-банкингди пайдалана аласыз. Андан тышкары, зарыл болгон учурда Сиз, Сиздин картанын суммасына карата кыска мөөнөттүү насыяны (овердрафт) ала аласыз. Жана кошумча бонус – бул, Visa менен Сиз  акчаны коротпостон гана, топтой дагы аласыз. Кантип? Абдан жөнөкөй: каражаттардын калдыгына сизге дайыма жылдык 5% чейин чегерилип турат.

Ушул жакшы нерселердин бардыгы, Сиз эл аралык банктык Visa картасынын ээси болушуңузга татыктуу нерселер!

Бишкекте Visa картасын ар түрдүү банктардан заказ кылууга болот. «Бай Түшүм» банкы Сизге Visaнын бир нече түрүнүн ичинен бирин тариздетүүнү сунуштайт:

– Visa Gold;

– Visa Classic;

– Visa Business;

– Visa Virtual.

Карталардын ар бир түрүнүн артыкчылыктары жана нюанстары тууралуу Сиз тиешелүү бөлүмдөрдөн окуй аласыз. Ошол эле жактарда картаны тариздетүүгө карата билдирме калтыра аласыз (анын ичинде үйгө жеткирүү менен).

VISA DEBIT VIRTUAL: виртуалдык, бирок баары бир эл аралык

А Сиз билесизби, кол менен сезүүгө болбой турган Visa төлөм картынын ээси болууга мүмкүн экенин? Ал кадимки түрдө жөн гана жок – ал виртуалдык!

VISA DEBIT VIRTUAL өзү менен онлайн-сатып алууларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болуучу банк картасынын реквизиттерин түшүндүрүп турат. Ал катуу түрүндө таптакыр чыгарылбайт, жөн гана он-лайн мейкиндикте банктын серверлеринде катталат. Өзүң менен капчыкта алып жүрбөйсүң, жоготуп алуудан коркпойсуң – анын бардык маалыматтарын эстеп алуу гана жеткиликтүү. Ал эми дүйнөлүк тажрыйба сунуш кылат: «Амазондон» же «Али экспресс», «Вайлдберриден» сатып алуулар жана башка маркетплейстер үчүн дал ушундай, виртуалдык карта менен төлөө керек.

Сизге дайыма эле аны ачуу үчүн банк кызматкеринин жардамынан колдонуунун кереги жок. Ал таптакыр эле акысыз. Бирок өзгөчө пайдалуу: анткени анын жардамы менен айыппулдарды төлөө, коммуналдык төлөмдөрдү төгүү ж.б.у.с. күнүмдүк маселелердин баарын чечүүгө мүмкүн да. Виртуалдык эсептеги акчаны толуктоо үчүн ошондой эле өзгөчө убактылуу жана дене күч-аракеттери талап кылынбайт: Сиз ага каражатты өзүңүздүн кадимки эсебиңизден (же экинчи картадан, же терминалдан – телефондун же «Элсомдун» балансын толтуруу принциби боюнча) «ыргытасыз».

Кичинкекей купуя сыр: «Бай түшүм» банкынын бардык кардарлары өзүнө ушул виртуалдык картаны өз алдынча тариздете алышат. Жөн гана «ВТВ-24» мобилдик банкинг кызматынан пайдалануу менен.

VISA DEBIT VIRTUALдын аракетте болуу мөөнөтү – 3 жыл, андан кийин аны кайра каттоо, же болбосо жаңысын ачуу керек болот. Андагы каражаттардын жылышуусун контролдоо жеңил – ошол эле «ВТВ-24» кызматы аркылуу.

Виртуалдык Visaнын ээси болууну каалайсызбы? Мында – аны каттоо алгоритми.

Преимущества:

  • Ускоренный выпуск
  • Отсутствует физический носитель
  • Контроль средств через Мобильный банкинг «BTB 24»

VISA Gold: статустук артыкчылыктар

Макул болуңузчу, өз абалынын статустуулугун жана престижин баса белгилөө – көпчүлүк адамдар каалаган нерсе. Ал эми ага кошумча бонустар кошула турган болсо – анда эки эсе! VISA Gold картасы менен Сиз муну гана эмес, көп нерсени да аласыз!

VISA Gold — эл аралык банк картасы. Ал адегенде, анын кармоочусунун статусун баса белгилөөчү жана VISA эл аралык тутуму тараптан сунушталуучу бир катар артыкчылыктарга жол ала турган карта катары түзүлгөн.

Анын ээлери, супермаркеттеги сатып алууларына же сулуулук салонундагы чач жасалгасына эмнени төлөй тургандыгы сыяктуу маселелерге баш ачытышпайт. Аларда расмий сайттан алынуучу Gucci пальтосуна же өз гаражынын эшигине чейин жеткирүү менен Maserati үчүн рулду төлөөгө кыйынчылыктар туулбайт. Алар накталай акчаны бүткүл дүйнө жүзүндө банкоматтар түйүнүнөн чыгарып алышат жана, азыр Багамада турган сүйүктүүсү үчүн «гүл чамбарына» бир нече миң доллар кокусунан эле жетпей кала тургандыгы тууралуу таптакыр кейишпейт –анткени бул үчүн сервиске кошулган овердрафт кызматы бар да.

Ушунун баары, азыраак версиясында болсо дагы, «жөнөкөйүрөөк» категориядагы Visa карталарында да бар. Ал эми арзандатууларды жана атайын сунуштарды дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүндөгү отелдерди брондоо же  автоунааларды ижарага алуу учурунда алуу үчүн – VISA Gold гана. Дал ушул жерде атайын VISA Premium Offers Премиалдык сунуштар программасы аракеттенет.

Бул стандарттуулардан премиалдык картанын жападан-жалгыз айырмачылыгы эместиги түшүнүктүү да. VISA Goldдун ээлерине гана Кардарларды колдоонун глобалдык кызматынын (GCAS) кызмат көрсөтүүлөрү сунушталат. Бул, Сизге, көксөгөн картанын ээсине сыяктуу, картанын шашылыш алмаштырылышы, накталай акчаларды шашылыш берүү, карталарды блокировкалоо жана блоктон чыгаруу, Сиз кайда болбоңуз, күнү-түнү маалыматтык колдоо жеткиликтүү экендигин билдирет.

«Алтын» картанын ээлери жана эң эле «жөпжөнөкөй», бирок айрым учурларда абдан зарыл болуучу, медициналык жана юридикалык сурап-билүү кызматтарынын кызмат көрсөтүүлөрүн күнү-түнү сунуштоо сыяктуу нерселер тууралуу кам көрүлгөн.

Албетте, коопсуздуктун өзгөчө тутуму дагы караштырылган: операциялар милдеттүү авторизациялануу менен жүргүзүлүшөт, бул Сиздин каражаттардын карта жоголгон учурларда дагы сакталып туруусун камсыздайт.

VISA Gold: ага ээлик кылуу керек!

VISA Classic: капчыкка караганда сөзсүз мыкты

Карантин жана шайлоодон кийинки кырдаал сыяктуу бир аз мурун болгон окуялар капчыктарды салып жүрүүнү гана сүйүүчүлөрдү дагы, төлөм картасы – бир топ эле мыкты экендигине толук ынанышкансыйт. Өзгөчө, эгер ал VISA Classic сыяктуу эл аралык болсо.

Анын артыкчылыктарына эң эле ар кыл турмуштук кырдаалдарда баа берүүгө болот. Мисалы, VISA картасы, качан чет мамлекетке бара жаткан кезде куткарат: ал жакта карта менен супермаркеттердеги жана жада калса чакан ювелир дүкөнчөлөрүндөгү мүмкүн болгон товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жеңил жана жөнөкөй төлөөгө, накталай акчаны банкоматтан чыгарып алууга (ал эми алардын түйүнү чет жактарда аябай өнүккөн) мүмкүн болот. Банк картасынын жардамы менен интернет аркылуу отелди же аларда сиз жаңы өлкөнү кыдырып чыгууга даярданып жаткан автоунааларды брондоо ыңгайлуу. Ооба, тилекке каршы, ушул жылы аз гана адамдар саякаттай алышты. Бирок көпчүлүк үйдө отуруп, интернет сатып алууларын (эң жөнөкөй балдар тамактарынан, кийимден, самын-сумундан тартып кандайдыр-бир техниканы) өздөштүрүштү. Ал эми интернет-сатып алуулар ошол эле VISA Classic картасы менен акы төлөөлөрсүз мүмкүн болмок эмес, түшүнөсүз да. Анан дагы, бул карта аралыктан туруп иштөө учурунда дагы абдан керектелет: «жер түбүнөн» алынган заказ үчүн акы төлөө, «бир-эки-үч» дегенде жүргүзүлөт.

VISA качан «айлыкка чейин» бир аз акчаны керектөө күтүүсүз пайда болгон кырдаалда дагы куткарат. Сиз жөн гана овердрафт кыска мөөнөттүү кредитти тариздетесиз – банктарга кошумча чуркатпастан Сизге картаңызга, картаны алууга карата келишимде белгиленген суммага барабар акчаны которушат (адатта бул, Сиздин картаңызга дайыма ай сайын которулуучу – эмгек акы сыяктуу сумма).

Албетте, анан дагы, VISA Classic картасы менен сиздин акчаларыңыз, сүйүктүү капчыгыңызда турганга караганда көбүрөөк сакталып тураарын белгилебей кетүүгө болбойт. Жок дегенде эле, бардык операциялар милдеттү авторизациялануу менен жүргүзүлө тургандыгынан улам. Ал эми карта жоголгон учурда, банктын колдоо кызматына чалуу менен Сиз аны ыкчам блокко сала аласыз.Аны менен чоочун адамга Сиздин финансыларды пайдалануу мүмкүндүгүн бербейсиз.

VISA Classicтин мыкты жактарына ынандыңызбы жана анын ээси болууну каалайсызбы? «Бай Түшүм» банкы кубануу менен Сизге жардам бере алат!

Сиз Visa Business картасын, төмөнкү шилтеме боюнча анкетаны толтуруп, жеткиртүү менен заказ кыла аласыз: https://www.baitushum.kg/ru/zakaz-karty/

МААНИЛҮҮ!

Урматтуу кардарлар, көз боёмоочулук тобокелдигин минималдаштыруу үчүн 2017-жылдын 1-декабрынан тартып банк алдамчылык тобокелдигинин жогорулатылган деңгээлиндеги өлкөлөрдө VISA төлөм карттары боюнча бардык операцияларга толук тыюу салуу түрүндөгү чектөөлөрдү киргизген.

Тобокелдиктин жогорулатылган деңгээли бар өлкөлөрдүн тизмеги.

Жогоруда тизмеде көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн ичинен бирөөндө же бир нечесинде операцияларды жасоо зарыл болгон учурда жана/же карта боюнча стандарттын лимиттердин өлчөмдөрүн өзгөртүүдө, Сиз арызды банктын бөлүмдөрүнүн каалагандайынан же банктын сайтынын өзүнөн (төмөндө) толтура аласыз, же болбосо зарыл болуучу маалыматтарды (өлкөлөрдүн тизмеги жана/же операциянын ар бир түрү боюнча лимиттер санын жана суммасын) эркин түрдө baitushum@baitushum.kg почтасына жөнөтүү зарыл болот.

Көрсөтүлгөн өлкөлөргө барып келүүдөн кийин банк картаны кайра чыгарууну жана ушул өлкөлөрдөгү транзакцияларга карата чектөөнү кайрадан белгилөөнү сунуш кылат.

VISA картасы боюнча лимиттердин өзгөртүлүшү жөнүндө жана/же тобокелдиктин жогорулатылган деңгээли менен болгон өлкөлөрдөгү жеткиликтүүлүктү ачуу жөнүндө арыз.

VISA төлөм картасы боюнча жеке жактар үчүн тейлөө тарифтери

VISA VIRTUAL тарифтер

ААК «Бай Түшүм» Банкынын Жеке жактар үчүн төлөм карталарын пайдалануу

Банкоматтар, терминалдар