ЫЛДАМ

Бай-Түшүм» Банкынын Кыргызстан боюнча акча которуулар системасы ЫЛДАМ

«Бай-Түшүм жана» Банкы эсеп ачпастан «ЫЛДАМ» акча которуулардын жаңы системасы менен колдонууну сунуш кылат. Бул система бүтүндөй Кыргызстан боюнча эсеп ачпастан которууларды дароо (ылдам-тез) жүргүзөт.

«Ылдам» акча которуулар системасынын артыкчылыктары:

  •  Тарифтери төмөн. Которуулар үчүн комиссия акысы:- сом менен – которуунун суммасынан 0,15%, минимум 35 сом- чет элдик валютада – 0,25%, минимум 1 АКШ доллары
  • Которууларды сом, АКШ доллары, рубль жана евро менен жүргүзүүгө болот
  • Которууларды суммасы боюнча чектөөсүз жүргүзүү
  • Которууну жеткирүүнүн ылдамдыгы – 2 минута
  • Филиалдык тордун кеңирилиги
  • Оперативдүүлүк жана коопсуздук

ЫЛДАМ которуусун жөнөтүү үчүн төмөнкүлөр керек:

  •  Жеке жактын атына которуу учурунда: Алуучунун Фамилиясын, Атын, Атасынын атын, паспорттук маалыматтарын көрсөтүү керек;
  •  Банктын кызматкерине жеке өзүн күбөлөндүргөн документин (паспортун) көрсөтүү керек.
  •  Которула турган сумманы салуу жана Банктын тарифтерине ылайык комиссиялык акыны төлөө керек.

 Которууну алуу үчүн:

  • Кардар Банктын кызматкерине паспортун жана которуунун кодун көрсөтүүсү керек,
  • Банктын кызматкери чыгыш кассалык документтерди толтуруп жазат,
  • Кардар накталай акчаларды алат.

Банктын Сизге жакын жайгашкан кеңсесин Сиз ушул жерден таба аласыз.