CONTACT

CONTACT – рынокто 1999-жылдан бери иштеп келе жаткан россиялык  биринчи  акча которуулар тармагы. CONTACT тармагынын оператору болуп  ООО НКО «Рапида» эсептелет.

CONTACT тармагынын жардамы менен «Бай-Түшүм» Банкынын офистеринен акча которууларды тез жана арзан, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте, эсеп ачпастан эле жөнөтүүгө болот:

  • Бүткүл дүйнө жүзү боюнча – Кыргызстан, Россия, алыскы жана жакынкы чет мамлекеттер – бардыгы  170тен көбүрөөк өлкө;
  •  РФ рублдери, АКШ доллары жана  евро менен;
  •  Россиянын, Европа өлкөлөрүнүн, АКШ, Канада, Вьетнам, Түркия, БАЭ, Индия, Таиланд, Жаңы Зеландия, Сингапур, Австралия, Гонконг жана Малайзия өлкөлөрүнүн  бардык банктарынан алуучунун эсебине Visa*, MasterCard*, UnionPay* карталарына  жеке жактар менен бирге эле юридикалык жактардын эсебине чегерүүлөр  аркылуу акчаны накталай берүү (сервис CONTACT-эсеби);
  • Жеткирүү ылдамдыгы: реалдуу убакыт режиминде. Которулган акчаны берүү убактысы жөнөтүлгөн жана кабыл алуучу пункттардын убакыт айырмачылыктарына  жана кабыл алуучу банктын иштөө тартибине жараша берилет;
  • Жөнөтүүчүнүн мобилдик телефон номерине которулган акчанын учурдагы абалы жөнүндө sms-маалымат берүү;
  • Дарексиз төлөм- акча которууларды Кыргызстандагы, Россиядагы жана жакынкы чет мамлекеттердеги CONTACTтын бардык пунктарынан алууга болот.

* Банк-эмитенттерге чектөөлөр коюлган.

 CONTACT тарифтери:

Которуунун суммасына жана анын багытына жараша Кыргызстандан акча которуулардын суммасынан 0,1% комиссиясы менен жөнөтүүгө болот. Тарифтик сетка жөнүндөгү толук маалыматты CONTACT тармагынын сайтынан алууга болот:  https://contact-sys.com/transfer/tariffs.html.

Бир жолку которуунун максималдуу суммасы:

  • Жакынкы чет өлкөлөр ортосунда: 600 000 RUB / 20 000 USD / 20 000 EUR
  • Алыскы чет өлкөлөргө которуулар кабыл алуучу өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык аныкталат.
  • Бир опрерациялык күндө  15 000 USD көп эмес сумманы жөнөтүүгө болот. Өздүгүн тастыктаган документти  көрсөтүү  талап кылынат.

 CONTACT тармагынын негизги артыкчылыктары:

Пайдалуу – тейлөө акысын жөнөтүүчү гана төлөйт- алуучуга которулган акча акысыз берилет.

Ыңгайлуу –  которууну жөнөтүү үчүн Сиз алуучу банктын реквизиттерин билүүгө тийишсиз. Акча каражаты жөнөтүлүп жаткан өлкөнү, шаарды жана алуучунун аты-жөнүн атоо жетиштүү болот. Кыргызстан, Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча  акча которуулар дарексиз формат  түрүндө жүргүзүлөт- алуучуга акча каражаты көрсөтүлгөн өлкөдө CONTACT тармагынын бардык пунктарынан берилет.

Тез – которууларды каттоо иштери жөнөкөй жана арыз бланкасын толтуруу талап кылынбайт, которууну жүргүзүү үчүн бир нече мүнөт эле жетиштүү.

Ишенимдүү – которуулардын коопсуздугу атайын программалык комплекс менен маалыматы коргоонун алдыңкы технологиясы аркылуу камсыздалат.

Которууларды жөнөтүү үчүн Сизге төмөнкүлөр зарыл:

  •  «Бай-Түшүм» Банкынын CONTACT тармагы боюнча которууларды жүргүзүүчү өзүңүзгө ыңгайлуу болгон офисине кайрылыңыз:
  • Банктын кызматкерине алуучунун паспортунда көрсөтүлгөн аты-жөнүн айтыңыз;
  • Өздүгүңүздү тастыктоочу документиңизди көрсөтүңүз;
  • Акча которуунун арыз-бланкасына кол коюуңуз;
  • Которуунун суммасын берип жана комиссияны төлөңүз;
  • Алуучуга CONTACT тармагынын которууну берүү пунктунун дарегин  жана которуунун суммасын жана анын номерин билдириңиз. Которулган акча алуучуга толук өлчөмдө берилет, алуучудан кошумча комиссия кармалбайт.
  • Которулган акчаны алуу үчүн сизге төмөнкүлөр зарыл:
  • Жөнөтүүчүдөн которуунун номерин жана суммасын билип алыңыз;
  • CONTACT тармагынын пунктуна анын иштөө убагында барыңыз;
  • Өздүгүңүздү тастыктоочу документиңизди көрсөтүңүз;
  • Которууну алуунун арыз бланкасына кол коюуңуз;
  • Которуунун суммасын алыңыз.

Которуунун суммасын алууда комиссия алынбайт.

CONTACT тармагы боюнча кеңири маалыматты  —  www.contact-sys.com сайтынан  же Кыргызстандын жашоочулары үчүн сутка боюу иштөөчү колдоо кызматынан (Кыргызтелекомдун стационардыктелефону) 00-800-2020-42-42 телефону аркылуу алууга болот.