Агро насыясы

“Бай-Түшүм” Банкы сизди КИВА программасынын алкагында айыл чарба насыяларын мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү менен байланышкан бизнести өнүктүрүү үчүн пайдаланууга чакырат. Насыя сүт жана сүт азыктарын өндүрүүгө, бодо малды жана майда жандыктарды семиртүүгө жана асыл тукумдаштырууга, үрөн жана азык-түлүк дан өсүмдүктөрүн өндүрүүгө, техникалык өсүмдүктөрдү, жашылчаларды өстүрүүгө жана башка тармактарды каржылоого багытталган.

Насыя юридикалык жактарга, жеке жактарга жана жеке ишкерлерге, жеке айыл чарба иштерин жүргүзгөн кардарларга берилет.

Шарттары:

  • Пайыздык чени – 23% *
  • Эң төмөнкү сумма 10 000 сом, эң жогорку сумма 300 000 сом
  • Мөөнөтү 3 айдан 24 айга чейин

KIVA линиясынын алкагында каржылоо өзгөчө төмөнкү категориядагы кардарларга сунушталат:

  • Экологиялык таза айыл чарба (минералдык жер семирткичтерди колдонбостон) жүргүзүү, күнөскана чарбачылыгын жүргүзүү, сүт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген ишкерлер
  • 3 же андан көп балалуу аялдар
  • Жалгыз бой энелер
  • Билим берүү жана медицина тармагындагы кызматкерлер (дарыгерлер, медайымдар, мугалимдер, тарбиячылар, тейлөө кызматкерлери)
  • Балдар үйлөрүнүн, интернаттардын, майып балдарды колдоо жана реабилитациялоо борборлорунун кызматкерлери

Насыяны (кыймылсыз мүлк) камсыз кылуу шарттары, документтерге болгон талаптар, юридикалык жактар ​​үчүн кошумча талаптар негизги Агронасыясына туура келет.

Насыянын (кыймылдуу мүлк) күрөөсүнүн шарттары, документтерге болгон талаптар, юридикалык жактар ​​үчүн кошумча талаптар күрөөсүз негизги Агро насыясына туура келет.

Жеке жактар үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендери, тарифтери, жана комиссиялары

* Эффективдүү пайыздык чен: сом менен, 26,65% дан

*** 250 000 сомго чейинки насыялар үчүн, 1 адамдын кепилдиги менен же кыймылдуу мүлктүн кепилдиги менен берүүгө жол берилет

*** бирден ашык жолу алган кардарлар үчүн 300 000 сом кыймылдуу мүлктүн жана туруктуу кирешеси бар 1 адамдын кепилдигин берүүгө болот