Агронасыялар

Дыйканчылыкты өнүктүрүү үчүн агронасыялар

Агронасыялар – бир дагы кыйын дыйкан, анан заманбап стандарттар боюнча чарбачылык кылган жөнөкөй адам ансыз күн өткөрө албаган нерсе. Анткени айыл чарбачылыгы бир туруп жер семирткичке, бирде жаңы тукумдагы мал-жан башын толуктоого, бирде трактор жана башка техниканы сатып алууга туруктуу акча салууларды талап кылат, антпесе дыйканчылык байыркы деңгээлде калып, киреше тууралуу кыялданбай да коюуга болот.

Ал эми агросектор дайыма жогорку тобокелчиликтүү болгондуктан, ага жеткиликтүү жогорку пайыздар менен насыя беришет. Дыйкан эмне кылышы керек, убагында акчаны кайдан алып, кантип кийинчерээк банкрот болбошу керек? Ишенимдүү банкка агронасыя алуу үчүн кайрылуу керек!

«Бай-Түшүм» банкы мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен байланышкан, сүттү жана сүт азыктарын өндүрүү, ири мүйүздүү жана майда жандыктарды бордоп семиртүү, урук жана азык-түлүк данын өндүрүү, техникалык өсүмдүктөрдү, жашылчаларды өстүрүү ж.б.у.с. бизнести өнүктүрүүнү колдоого алат. Бул жактан Сиз 20 миллион сомго чейин ала аласыз. Жана, албетте, банктын адистери жекече түрдө Сиздин суроо-талаптарды карап чыгып, бардыгы үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды тандашат.

Агронасыяларды берүүнүн шарттары:

  • Насыянын валютасы: сом
  • Насыянын суммасы:    10 000 сомдон жогору
  • Пайыздык чени*: сом менен 24%дан баштап
  • Насыялоо мөөнөтү:  60 айга чейин
  • Төлөө графиги: аннуитеттүү, жеке график

Камсыздоо:

  1. кыймылсыз мүлк
  2. аралаш (кыймыдуу + кыймылсыз мүлк)
  3. 250 000 сомго чейинки насыялар боюнча бир адамдын кепилдиги же кыймылдуу мүлктүн күрөөсү алдында берилиши мүмкүн.
  4. 300 000 сомго чейинки насыялар боюнча насыяны экинчи жолу алып жаткан кардарлар үчүн туруктуу кирешеси бар бир кепилдин жана кыймылдуу мүлктүн кепилдиги алдында берилиши мүмкүн.

Насыя алуучуга коюлуучу талаптар:

  • жер тилкесинин жана/же мал кармоо үчүн шартынын болушу
  • каржыланып жаткан тармакта 12 айдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу
  • жашы:  18 жаштан  65 жашка чейин

 Негизги документтердин тизмеси:

  • насыя алуучунун жана анын жубайынын, кепилдердин, күрөө коючунун жана анын жубайынын (эгерде күрөө коючу үчүнчү жак болсо) паспортторунун көчүрмөлөрү;
  • насыя алуучунун, күрөө коючунун (болгон учурда) үй-бүлөлүк абалы жөнүндөгү документтери
  • жекече ишкердин катталуусу жөнүндөгү күбөлүк же патент,  (насыянын суммасы 500 000 сомдон ашкан учурда)
  • жер тилкесинин бөлүнүп берилгендиги жөнүндөгү мам. акт же ижара боюнча келишим (жер иштетүү учурунда)
  • күрөөгө коюлуучу кыймылсыз мүлктүн, транспорт каражатынын документтери (техпаспорт, укук берүүчү документтер, мам. каттоо кызматынан тыюу салынбагандыгы жөнүндөгү маалым кат)
  • күрөөгө коюлуучу кыймылдуу мүлктүн документтери (болгон учурда), күрөөгө берилип жаткан ТМЗ тизмеси.

Жеке жактар үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендери, тарифтери, жана комиссиялары

* эффективдүү пайыздык чен: сом менен 19,98%дан баштап,  АКШ доллары менен 13,05%дан баштап.

** Акыркы пайыздык чен өлчөмү жана төлөө графиги суралган суммага, насыянын мөөнөтүнө, кардардын төлөм жөндөмдүүлүгүнө, коюлган күрөөгө ж.б. жараша аныкталат. Сурооңуз боюнча Сиз сураган суммага жана жогоруда көрсөтүлгөн шарттарга жараша  сатуулар боюнча адис Сизге төлөө графигин сунуш кылат.