Бизнес насыя

Бизнес-насыя – өсүш үчүн «тез жардам»

Бизнес үчүн насыя – бүткүл экономика алардан курулгандар – чакан жана орточо бизнес үчүн сыноодон өткөн «сактагыч-таякча».

Ишти өнүктүрүү үчүн акчаны кайдан алуу керек деген суроо ар бир жеке ишкерде дайыма, жана кээде тез-тез пайда болуп турат. Ошондуктан Сиз түшүнөсүз: Сиздин бизнестин өсүүсү жана өндүрүштү кеңейтүү үчүн товар жүгүртүүнү жогорулатуу же жаңы жабдуу сатып алуу талап кылынат. Жана билесиз: бир сааттын ичинде эле бухгалтерия бюджетте чыгашалардын жаңы беренесин жөн эле бычып коё албайт. Ал эми кийинкиге калтырууга болбойт – атаандаштар көз ирмемде суурулуп алдыга чыгышат. Ушул кезде эң мыкты финансы куралы – бизнес-насыя жардамга келет! Бирок аны кимден жана кандай шарттарда алуу керек?

«Бай Түшүм» банкынан бул максаттарга 100 миллион сомго чейин, айрым кырдаалдарда (мисалы, азыраак сумма болсо жана эгерде Сиз – банктын туруктуу кардары болсоңуз) күрөөсүз дагы алууга болот, бул ыкчам жана тынч гана өз ишиңизге инвестициялоого мүмкүндүк берет.

Мындай каржылоого кимдер ишене алса болот? Соода-сатык же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө алектенгендер, коомдук тамактануу түйүнүн ачууну же ар түрдүү товарларды өндүрүүнү пландаштыргандар, туристтик же курулуш кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоочулар жана башка дагы көптөгөн ишкерлер.

Бизнес үчүн насыя берүүнүн шарттарын кененирээк билиңиз, тобокелдиктерин кунт коюп санап чыгыңыз (зарыл болгон учурда банктын адистери Сизге бул багытта жардам бере алышат) – жана Сиздин рынокто «Бай Түшүм» банкынан алынган инвестициялардын жардамы менен өсүү мүмкүндүгүн колдон чыгарбаңыз!

Насыяны берүүнүн шарттары:

  • Валюта: сом
  • Суммасы:  10 000 сомдон  100 млн. сомго чейин
  • Пайыздык чени: сом м-н жылдык 19%
  • Насыялоо мөөнөтү: 3 айдан баштап, 5 жылга чейин
  • Насыяны төлөө графиги: аннуитеттүү,  жекече

Күрөөлүк камсыздандыруу:

  1. Кыймылсыз мүлк;
  2. аралаш (кыймылдуу + кыймылсыз мүлк)
  3. 100 000 сомго чейинки насыялар боюнча бир адамдын кепилдиги алдында, же кыймылдуу мүлктүн күрөөсү алдында берүүгө болот
  4. 250 000 чейинки насыялар боюнча туруктуу кирешеси болгон эки адамдын кепилдиги алдында, же кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюп+ туруктуу кирешеси болгон бир адамдын кепилдиги алдында берүүгө болот;
  5. 300 000 сомго чейинки насыяны экинчи жолу алып жаткан кардарлар үчүн туруктуу кирешеси болгон эки адамдын кепилдиги алдында же кыймылдуу мүлк + туруктуу кирешеси болгон бир адамдын кепилдиги алдында берилиши мүмкүн.

 Насыя алуучуга коюлуучу талаптар:

  • Жеке ишкердин, бизнес ээсинин жаш курагы: 18 жаштан 65 жашка чейин
  • Ишкерчилик иштеги  тажрыйбасы: 3 айдан кем болбоого жана 500 000 сомдон жогору насыя алуучулар үчүн: 6 айдан кем болбоого тийиш

 Негизги документтердин тизмеси:

  • насыя алуучунун жана анын жубайынын, кепилдик берүүчүлөрдүн  (болгон учурда) паспортторунун көчүрмөлөрү;
  • күрөө берүүчүнүн ж-а анын жубайынын (эгерде күрөө берүүчү үчүнчү жак болсо) паспортторунун көчүрмөлөрү;
  • насыя алуучунун (жана күрөө берүүчүнүн, болгон учурда) үй-бүлөлүк абалы жөнүндөгү документтери
  • каржылануучу тармактагы 3 айлык тажрыйбасын тастыктоочу башка да документтер
  • бизнес боюнча баштапкы документтердин көчүрмөлөрү
  • жеке ишкердин катталуусу  жөнүндөгү күбөлүк же патент
  • күрөөгө сунуштала турган кыймылсыз мүлктүн Укук берүүчү/укукту бекемдөөчү документтери (техникалык паспорту,  күрөө боюнча тыюу салынбагандыгы жөнүндөгү маалым кат);
  • күрөөгө сунуштала турган кыймылдуу  мүлктүн документтери (болгон учурда), күрөөгө сунуштала кыймылдуу  мүлктүн баяндамасы жана  ТМЗ
  • насыяны берүү жөнүндөгү чечимди чыгарууга керектүү болгон башка да документтер

 Юридикалык жактар үчүн кошумча  документтер:

  • Юридикалык жактын катталуусу жөнүндөгү күбөлүк
  • Устав, учредителдик келишим
  • Бизнес план
  • Мам. салык инспекциясынан  жана Соц. фондон карыздуулугу жок экендиги жөнүндөгү маалым кат
  • Финансылык отчетуулук (Баланс, киреше ж-а чыгаша жөнүндөгү Отчет, акча каражатынын  жүгүртүүлөрү жөнүндөгү Отчет, СК өзгөрүүлөр жөнүндөгү Отчет).
  • Өкүлчүлүктүү уюмдун юридикалык жактын түзүлгөндүгү, жетекчинин дайындалышы, насыя алгандыгы жана күрөө берилгендиги жөнүндөгү чечими
  • Бизнес ээлеринин кепилдиги (51%дан кем эмес)
  • Кол коюуга укугу бар адамдардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн, нотариалдык жактан бекемделген карточкалары

Бизнес кардарлар үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендери, тарифтери, жана комиссиялары

*  Эффективдүү пайыздык чен:  сом менен жылдык 26,75%дан.

** Акыркы Пайыздык чен өлчөмү жана төлөө графиги суралган суммага, насыянын мөөнөтүнө, кардардын төлөм жөндөмдүүлүгүнө, коюлган күрөөгө ж.б. жараша аныкталат. Сурооңуз боюнча Сиз сураган суммага жана жогоруда көрсөтүлгөн шарттарга жараша  сатуулар боюнча адис Сизге төлөө графигин сунуш кылат.